Кара өрүк. Архив

Күзүндө оорутпай турган үч азык аталды. Диетологдун сунушу

4468
Күзүндө дагы жаз мезгили сыяктуу организмге витаминдер жетишпей турганы белгилүү.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Күзүндө ден соолукту чыңдоо үчүн кайсы жемишти жана жашылчаны көбүрөөк жеш керектигин Sputnik Тажикстан диетологдорго таянып жазды.

Адистин айтымында, ашкабак организмге абдан пайдалуу азык. Анын курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн, терини жакшыртып, денедеги былжыр челдерди калыбына келтирет.

Ошондой эле иммунитетти чыңдап, жөтөлдүн алдын алат. Ашкабактын курамындагы А витамини рактан жана меланомадан сактайт. Ал эми калий жүрөк-кан тамыр ооруларын болтурбайт. Ашкабак кандай бышырылса да пайдалуу касиеттерин жоготпой турганы белгиленет.

Кара өрүк дагы организмге аба менен суудай керек. Андагы антиоксиданттардын көптүгү картаюу процессин кечеңдетет. Мындан тышкары, кара өрүктө клетчатка, пектин жана С витамини бар.

Алмурут тамак сиңирүүгө жардам берет. Курамында калий, магний жана пектин бар. Адам тамакка ууланганда же холестериндин калдыктарын чыгарам дегенде алмурут жардамга келери белгиленген. Аны жада калса десерт катары же ботконун ордуна жесе болору айтылат.

4468
Белгилер:
мөмө-жемиштер, ден соолук, күз
Тема боюнча
Медиктер кайсы топтогу кан өтө кооптуу экенин аныкташты
Анар ширеси түйүлдүктүн мээсине да таасир этет. Жаңы иликтөө