Салаңдаган курсактан арылам дегендерге сунушталган 20 азык

© AFP / Ralf Hirschberger / dpaОжирение в Германии
Ожирение в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичке топтолгон май рак илдетин да козгошу ыктымал.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Эксперттер курсактагы майды кетирип, ашказандын иштешин жакшырта турган 20дан ашык азык-түлүктүн тизмесин жарыялады. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Fox News телеканалынын маалымдашынча, окумуштуулар өз иликтөөсүндө курсакка чогулган май жүрөк-кан тамыр ооруларынан тышкары диабет жана рак илдетинин айрым түрлөрүн козгой турганын белгилешкен.

Лицей Вторая школа в Москве - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар күндүзгү уйкунун кесепетин атады
Ичтеги майды бир гана машыгуу менен кетире албайсың, андыктан ичкен-жегенге да маани берүү керек. Ден соолукту чыңдап, курсактагы майдан арылта турчу азыктарга төө буурчак, буурчак, нокот, таттуу картошка, спаржа, түстүү капуста, ашкабактын данеги, жумуртка жана авокадо кирет.

Бул азыктар калий, пребиотиктер, белок, цинк минерал заттарына бай болгондуктан, иммунитетти көтөрөт.

Ошондой эле жашыл банан, кофе жана чай да тамак сиңирүүнү жакшыртат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0