Запастагы мушкер эмесмин! Фергюсон UFC сунушунан баш тартты

© AP Photo / John LocherБоец UFC Тони Фергюсон
Боец UFC Тони Фергюсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC 242 турнири 7-сентябрда Абу-Даби шаарында өтөт. Кеченин башкы беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье уюмдун 70 килограмм салмактагы чемпиондук наамы үчүн кармашат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) өкүлдөрү америкалык белгилүү мушкер Тони Фергюсонго Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринин башкы беттешинде запас спортчу болууну сунуштаган, бирок спортчу мындан баш тарткан. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

UFC 242 турнири 7-сентябрда өтөт. Кеченин башкы беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье уюмдун 70 килограммдагы чемпиондук наамы үчүн кармашат.

Фергюсондун айтымында, мушкерлердин бирөө бир нерсе болсо, ордуна даяр турууга сунуш түшкөн. Бирок ал буга макул болгон эмес.

"Мен запастагы мушкер эмесмин. Өзүмдүн чемпиондук наамым үчүн ат салышууга татыктуу болдум деп ойлойм. Нурмагомедов менен Порье беттешип, утканы кайра мени менен октагонго чыгышы керек", — деген Фергюсон.

FC представила проморолик к поединку между чемпионом промоушена в легком весе россиянином Хабибом Нурмагомедовым и американцем Дастином Порье. - Sputnik Кыргызстан
UFC Хабиб Нурмагомедовдун боло турчу беттешинин проморолигин жарыялады
Ошондой эле ал бардыгы божомолдоп жаткандай уюмдун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор менен беттешпей турганын кошумчалаган.

Фергюсон менен Нурмагомедов октагондо төрт ирет беттешпей калган. 2014-жылы россиялык мушкер тизесинен жаракат алганына байланыштуу, ал эми 2017-жылы салмак куугандыктан ден соолугу начарлап кетип, турнир өтпөй калган. 2016-2018-жылы америкалык мушкер жаракат алып калган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0