Туристтер үчүн коопсуз 10 өлкө аталды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Хельсинки
Города мира. Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул рейтингди Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперттери түзгөн.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө туристтер үчүн эң коопсуз өлкө деп Финляндия табылды. Бул тууралуу маалымат The Travel and Tourism Competitiveness Report 2019 докладына жарыяланганын Sputnik Белоруссия жазды.

Туристтерге керектүү рейтингди Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперттери түзгөн. Алар дүйнөдөгү 140 өлкөнүн экономикалык абалынан кылмыштуулукка чейинки бардык көрсөткүчүн анализдеп чыгышкан.

Тыйын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдар аталды. Тизме
Жыйынтыгында жер кыдырып эс алгандар үчүн эң коопсуз өлкө деп Финляндия табылды. Исландия экинчиге, ал эми Оман өлкөсү үчүнчү орунга илинген.

Мындан сырткары, Швейцария, Гонконг, Сингапур, Бириккен Араб Эмирлиги, Люксембург, Португалия жана Жаңы Зеландия өлкөлөрү саякат үчүн жагымдуу мамлекеттердин ондугуна кирген. Адистер бул өлкөлөрдө туристтер кам санабай эс ала берсе болорун айтты.

Рейтингдин эң акыркы сабында Сальвадор турат. Мындан тышкары, Нигерия, Йемен, Венесуэла жана Гондурас өлкөлөрү да кооптуу мамлекеттердин катарын толуктай турганы маалым болду. Эксперттер рейтингдин аягындагы бул өлкөлөргө эс алууга баруудан мурун жакшылап ойлонуу керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0