Жашылча жемиштер. Архив

Мээге кубат берген жана зыян тийгизген азыктар аталды

2374
(жаңыланган 11:03 10.09.2019)
Эксперттер мээге кубат берген жана анын иштөөсүнө зыян келтирген азыктарды тизмектеп чыгышкан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Адамдын ичкен-жегени организмге түздөн-түз таасирин берет. Айрым азыктар мээнин иштешин жакшыртса, айрымдары, тескерисинче, зыян тийгизет. Бул тууралуу "Медикфорум" порталы жазды.

Эксперттер андай тамак-аштарды тизмектеп чыгышкан.

Иликтөөгө ылайык, мөмө-жемиштер, жаңгактын түрлөрү, балык, деңиз азыктары, зайтун майы жана жаңы үзүлгөн жашылчалар мээнин иштешин жакшыртат. Ошол эле учурда курамында май аз болгон сүт азыктары, канаттуунун эти да жакшы таасир берет.

Ал эми куурулган тамактардын баары, майлуу сүт азыктары, полуфабрикаттар менен туз мээнин душманы экени белгиленген. Бул азыктар мээнин иштешин жайлатып, керек болсо ага зыян алып келет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
2374
Белгилер:
тамак-аш, ден соолук, медицина, дарыгерлер
Тема боюнча
Ооруну убактылуу баскан дарынын ден соолукка кандай зыян келтирери айтылды
Окумуштуулар аял менен эркектин эс тутумунун айырмасын аныктады
Россиядагы Калининград шаарында мигранттар. Архив

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

44
(жаңыланган 02:05 30.05.2020)
Акча которуу системасы эл аралык агымдын көлөмү бул жазда азайып кеткендигин көрсөттү. Россиядан жакынкы чет өлкөлөргө жасалган которуулар апрелде кээ бир компанияларда 50 пайызга ылдыйлаган.

Мында көрсөткүчтөр көптөгөн эмгек мигранттары пандемиядан улам мекенине кайтып же Россияда ишсиз калганы менен байланыштуу болду. Sputnik учурда акча которуу рыногунда эмне болуп жатканына көз салып, кийинкиге божомол кылып көрдү.

Апрелдеги которуулар жарымына чейин азайды

Апрель айында рынокто Россиядан жакынкы мамлекеттерге жасалган эл аралык которуулар кадимкидей түштү. Эгерде мартта төмөндөө 5-10 пайыз (2019-жылдын март айына караганда) болсо, апрелде 50 пайызга жетти. Бул маалыматты "Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов айтып берген. Азыр майдагы көрсөткүч 25-30 пайызда турат.

Денежные переводы в страны СНГ в 2019 году
© Sputnik
КМШ өлкөлөрүнө акча которуулар

Мындай абал "Юнистримде" да байкалган. Sputnik агенттигине Эл аралык которуулар кызматынын президенти Ксения Чернышева апрелде мартка караганда 34 пайызга түшкөндүгүн айтып берген. Майда апрелге карата 10 пайызга төмөндөө боолголонуп жатат.

Аналитик группы компаний Финам Алексей Коренев
"Финам" компаниясынын серепчиси Алексей Коренев
"Россиядан жакынкы мамлекеттерге которулган акчалардын көп бөлүгү мигранттардын мекенине, үй-бүлөсүнө жиберген каражаты. Мартта абал мынчалык курч болгон эмес, бир катар ишканалар иштеп жаткан. Апрелде алар токтоп калды. Көбү мекенине кайтканга мажбур болду же кырдаалдын жакшырышын күтүп отуруп калды. Тагыраагы, үйүнө жибергенге эч нерсеси калган жок", — деген "Финам" компаниялар тобунун серепчиси Алексей Коренев жаздагы которуулар көлөмүнө байкоо салып.

Western Union кызматынан апрелде мартка караганда которуулардын көлөмү азайганын айтышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына урулган сокку

Директор системы Золотая Корона – Денежные переводы Иван Ситнов на VI ежегодной церемонии вручения премии Банк года по версии портала banki.ru в Lotte Hotel Moscow.
© Sputnik / Валерий Левитин
"Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов
"КМШ өлкөлөрүнүн көп бөлүгүнө Россиядан түшкөн акча – бюджетти кадимкидей эле толтурган каражат. Бул валюта андан аркы тышкы соода операцияларын жасоого көмөкчү болот. Андыктан ачка которуу Кыргызстан жана Тажикстан үчүн зор роль ойнойт. Алар үчүн күткөн акчанын түшпөй калышы чоң эле сокку", — деген Ситнов.

Тармактарды жандандырууга эмне жардам берет?

Иван Ситновдун пикирине караганда, акча которуу рыногунун кайра калыбына келишине эки фактор таасир этет. Алар — жеке адамдарды тейлеген жайлардын ачылышы жана эл аралык аба каттамдарынын иштеши.

"Биз май айында Москвада бир катар чектөөлөр алына тургандыгын көрүп турабыз. Бир катар пункттар иштеп, аз болсо да өсүү байкалды. Ал эми чек араларга келсек, эл Россияга акча тапканга учуп келе турган маалда жабылып калды. Чек ара кандай ачылары менен абал жакшырат. Бул Россияга иштөө үчүн эл учуп келгенде болот. Бирок мунун качан болорун билбейбиз. Балким, бир ай, балким, эки ай кетет. Алдын алып айтуу кыйын. Бардыгы коронавирустан улам абалга байланыштуу болот", — деп эсептейт "Золотая корона" кызматынын өкүлү.

Алексей Коренев болсо төмөнкүчө айтты.

"Азыр курулуш, жолдорду оңдоо иштерин башташат. Иштей турган кишилер керек, муктаждык болгон соң мигранттар Россияга кайрадан келет. Маселе башкада – эмгек рыногу өзгөрүшү мүмкүн", — деген аналитик.

Ал дагы бир пикири менен бөлүшкөн.

Эгерде пандемияга чейин Россиянын жарандарынын арасынан кара жумушка байланышкан, ачык абада, эшикте иштеген иштерге кызыгуу анчалык жаралбай мигранттарга тийсе, эми башкача болот. Келгендер атаандаштыкка кабылып, россиялыктар да ал иштерге, тагыраагы, мигранттардын жумушуна ыктай баштайт.

КМШнын экономикалык ишкер өнүгүү борборунун башкы директору Владимир Савченко да акча которуу өнөр жай активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде баары ойдогудай болсо, эки-үч айдан кийин калыбына келе баштайт.

44
Белгилер:
орун, иш, атаандаштык, Акча которуулар, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Асрандиев: КМШ аймагында жүктү тоскоолдуксуз ташууга шарт түзүшүбүз керек

500 метр бийиктиктен кулаган франциялык спортчулардын видеосу

132
(жаңыланган 21:01 29.05.2020)
Франциялык эки парапланерист учуп баратып сүзүшүп, бийиктиктен кулаган. Бактыга жараша, алар катуу жаракат алган эмес.

The Daily Mail басылмасы кабарлагандай, окуя Савойя департаментиндеги Эгебелет көлүнөн анча алыс эмес жерде болгон.

31 жаштагы Себастьян Ватье беш жылдан бери мотопараплан менен алектенип, бир жылдан бери параплан менен машыгат.

Эки спортчу асманда учуп баратып бири-бири менен сүзүшүп, жыйынтыгында алардын жиптери чаташып калып Ватье кулаган.

Жерге түшкөндө параплан бак-дарактарга илинип, Ватье он мүнөттөй эс-учун жоготкон.

Ал мындай кооптуу учурдун келип чыгышына экөө тең күнөөлүү экендигин билдирип, спортчулар шамалдын багытын эске албагандыгын айтышкан.

Бактыга жараша, анда эч ким жабыркаган эмес.

132
Белгилер:
видео, спортчу, параплан, Франция
Тема боюнча
Булчуңдуу, келишимдүү бишкектик атлет үйдөн машыгууну көрсөттү. Видео