Америкалык мушкер Дастин Порье. Архивдик сүрөт

Хабибден утулган Порье Макгрегор менен беттешүүгө кызыкдар

288
(жаңыланган 10:05 11.09.2019)
Порье менен Макгрегор мындан беш жыл мурун октагонго чыгып, ирландиялык мушкер техникалык нокаут менен атаандашын жеңип алган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Америкалык мушкер Дастин Порье россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдон утулуп калгандан кийин Конор Макгрегор менен беттешүүгө кызыкдар болууда. Бул тууралуу РИА Новости Порьенин Twitter баракчасына жазган билдирүүсүнө таянуу менен маалымдады.

Белгилей кетсек, Порье менен Нурмагомедов Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында беттешип, россиялык спортчу үчүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишкен.

Турнирден кийин Порье бул беттешке болгон аракетин жумшап даярданганын, утам деген далалат күч болгонун айтып, ызасынан көзүнө жаш алган.

"Менимче, азыркы кырдаалда Макгрегор менен кайрадан беттешүү талапка ылайык болуп турат", — деп жазган 30 жаштагы спортчу баракчасына.

Порье менен Макгрегор мындан беш жыл мурун октагонго чыгып, ирландиялык мушкер техникалык нокаут менен атаандашын жеңип алган.

Дастин Порье буга чейин беттештеринен 25 жолу жеңиштин даамын татып, алты ирет жеңилип калган.

288
Белгилер:
чакырык, UFC, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов, Дастин Порье
Тема боюнча
UFC тарыхында болгон эмес! Хабибдин алчу гонорары айтылды
Хабиб UFC 242 турнириндеги кызыктуу беттеши үчүн кошумча акча алды. Суммасы