Жаңы iPhone смартфондору

Жаңы iPhone смартфондору чыкты. Мурдагыдан айырмасы эмне? Видео

224
(жаңыланган 13:23 11.09.2019)
Жаңы смартфондордо камералар көбүрөөк болгону менен энергияны азыраак талап кылары айтылууда.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Apple корпорациясы iPhone смартфонунун, iPad планшетинин жаңы моделин жана бешинчи муундагы Apple Watch саатын көрсөттү.

Бет ачар 10-сентябрь күнү Калифорния (АКШ) штатында болду. Чогулгандарга iPhone 11, iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max үлгүсүндөгү үч жаңы смартфонду көрсөтүштү.

Эң арзан iPhone 11 модели 6,1 дюймдук дисплей жана A13 Bionic процессору менен жабдылган. Ошондой эле аппаратка секундуна 60 кадрдык 4К форматындагы видеолорду тарткан камера орнотулган. Анын баасы — 699 доллар.

iPhone 11 Pro жана Pro Max моделдери көлөмү менен айырмаланып турат. Экрандардын диагоналы 5,8 жана 6,5 дюйм. Биринчиси — 1 000, экинчиси — 1 100 доллар турат.

Ал эми жаңы Apple Watch саатынын дисплейи ар дайым күйүп турат. Мурда экранды күйгүзүү үчүн үстүнө басып же колду кыймылдатуу керек болчу. Саатка компас коюлган. Ошондой эле анын ээси шашылыш кызматтарды смартфону жок эле ушул саат аркылуу чакыра алат. Баасы — 499 доллар.

​Анткен менен уюлдук телефондор индустриясындагы адистер бул жаңы аппараттардын "келечеги жок" деп баалашууда.

"Инновациялар жагына келгенде Apple атаандаштарынан артта калып бара жатат. Жаңы iPhone менен элди кызыктыруу абдан татаал болот", — деди Technalysis компаниясынын аналитиги Боб О'Доннелл.

Жаңы аппараттар сатыкка 20-сентябрда чыгарылмакчы.

224
Белгилер:
смартфон, Apple
Тема боюнча
iPhone колдонуучулар аңдууда экенин аппаратты чыгарган компания билген
Смартфондун мээни алсыратып чарчаткан терс жагы айтылды. Иликтөө
ЕАЭБ мамлекеттердин желектери. Архив

ЕАЭБ чек араларындагы көйгөйлөр тезирээк чечилет. ЕЭК жыйынынын жыйынтыгы

60
(жаңыланган 00:45 11.07.2020)
Комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган "Жол картасын" иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында Евразия экономикалык биримдиктеги товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш кырдаалды жөнгө салган комитет түзүлөт. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы кабарлады.

10-июлда ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Комитетти ЕЭК коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович жетектейт.

"Комитетке Биримдиктеги мамлекеттердин ыйгарым органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары, ошондой эле ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү Олег Панкратов, Гегам Варданян, Тимур Жаксылыков, Виктор Назаренко, Андрей Слепнев кирген", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган жол картасын иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

"Жол картасына Биримдиктеги өлкөлөр арасында, анын ичинде ички чек араларда бир жактан экинчи жакка жөнөтүлгөн товарларды текшерүү иш-чараларын алып салуу же азайтуу кадамдары кириши мүмкүн. Мындан сырткары, планга товар айлантуудагы көзөмөл, каттоо жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу чечимдер да киргизилет. Жол картасын ЕЭК кеңеши бекитет", — деп жазылган билдирмеде.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Жол картасына сунушталчу маселелеринин ичинде транзитти жөнөкөйлөштүрүү көйгөйү да бар. Жыйындын жыйынтыгында ЕАЭБде транзитти жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимге кол коюу пландалып жатканы маалым болду.

"Башкы максат — бажы транзитинде бажы төлөмдөрүн төлөө системасын ыңгайлуу кылып түзүү. Бул келишим бажы төлөмдөрүн сөзсүз төлөө учурларына тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордо Макулдашуу суроолордун эки блогун жөндөй турганы айтылган.

"Биринчиси, декларанттар үчүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн колдонууну карайт. Алар транзиттик жүктөр менен иштөөдө тажрыйбасы бар жана аларга коюлган критерийлерге жооп бере алгандар. Сумманы азайтуу бир катар шарттарды сактагандыгына жараша 20 же 30 пайызды түзүшү мүмкүн", — деп билдирди маалымат кызматы.

Суроолордун экинчи бөлүгү кепилдикти өнүктүрүүгө багытталган. Ал бажы, салык, атайын, антидемпингдик, компенсациялык төлөмдөрүнүн милдеттүү аткарылышын камсыздаган ыкма катары каралууда.

Ал кепил (поручитель) болгондорду улуттук кепил катары таануу боюнча жалпы шарттарды аныктайт. Аны менен бирге эле алар үчүн каржылык гарантиянын көлөмүнөн 10дон 100 пайызга чейин кыскартып колдонууну карайт. Макулдашуудагы "жеңилдетилген" механизм тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ЕАЭБ алкагында жүк ташуусунда тарткан чыгымдарын азайтууга көмөкчү болот", — деп айтылган маалыматта.

Бул макулдашуу өлкөлөр жана Комиссиянын тыкыр иштелип чыккан бажы документтеринин бири. Бул боюнча иш 2015-жылдан бери Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин буйругунун негизинде жасалып келе жатат. Ал учурда иштелип аягына чыкты.

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

Жыйында Евразия экономикалык биримдиктин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентине да өзгөртүүлөр киргизилген. Анда ЕАЭБ "калыбына келтирилген сүт" түшүнүгүн киргизди. Калыбына келтирилген сүт — бул кургатылган сүттөн жасалган азыктар. Буга чейин биримдикте "сүт суусундугу" деген гана түшүнүк бар болчу.

Мындан сырткары, ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө жобосуна да өзгөртүүлөр киргизилгени айтылды.

60
Белгилер:
транзит, сунуш, техникалык регламент, өзгөртүүлөр, комитет, жыйын, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Назаралиев: ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү биржа рыногу түзүлөт
Москвадагы Russia Today телеканалын офиси. Архив

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды

56
(жаңыланган 23:48 10.07.2020)
Дүйнөдө санкция, таасир үчүн күрөш, керек болсо маалыматтык ресурстардын жолун бууган кадамдар уланып келет. Алардын бири RT телеканалдарын көрсөтүүгө Балтика боюндагы өлкөлөрдүн тыюу салышы болду. Бул туурасында россиялык журналист Ирина Алкснис ой жүгүрткөн.

Литва өзүнүн аймагында RT курамында болгон беш каналдын иштөөсүнө тыюу салды.

Бул Латвиянын бийлиги дал ушундай чечимди кабыл алгандан бир апта өтпөй кайталанды. Кезекте — Эстония. Алардын ТИМи мындай кадам болорун четке каккан жок.

Таллиндин бул боюнча мүмкүнчүлүгү жогору деле эмес: "Балтика боюндагы жолборстордун" антироссиялык адаттагы консенсусу эске түшөт. Буга Эстония бийлигинин Sputnik агенттигинин иштешине бут тоскон учурларды да кошууга болот. Алар ойлогон максатына жетүү үчүн кызматкерлердин артынан түшүп, ал тургай кылмыш ишин ачабыз деген коркутууларга чейин барган.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

Анткен менен бул окуяда кызык бир учур чыгат. Ал - Вильнюстун чечимди расмий жактан негиздеши болду. RT Батыштын санкциясына кабылган Дмитрий Киселевдун көзөмөлүндө турат деген бекемдөөлөр, аталган медиаресурска каршы чыгууга себеп болду.

Кеп аталган нерсенин чындыкка дал келер, келбесинде деле эмес.

Анткен менен Литва бийлиги какшыктаган комментарийлерге кабылган. Аны жазгандар RT Дмитрий Киселев жетектеген "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттигине тиешелүү эместигин белгилеп өткөн.

Маанилүүсү буга чейин эле болгон. Мындан туптуура бир жыл мурда Латвиянын ЖМК боюнча улуттук кеңеши RT берүүсүнө салынган тыюу боюнча https://radiosputnik.ria.ru/20200630/1573696517.html билдирүүсүндө телеканалдар "Дмитрий Киселевдун жеке көзөмөлүндө турат" дешкен. Анда да дал эле ушул сыяктуу Маргарита Симоньян менен Россия ТИМи латвиялык расмий түзүмдөрдүн кесипкөй эмес айткандарына тушуккан. Анда жөөлүгөн сымал кептер айтылган.

Ал кезде бул кокустуктан болгон жана аткаруучулардын конкреттүү катасы экенин түшүндүрүүгө болот эле. А негизи дилетанттар менен халтурщиктерден бир дагы система сыртта калган эмес.

Бирок Литвада ошондой окуялардын дал өзүндөй болуп кайталанып жатышы бир нерсени баамдоого түртөт. Көрсө, эч кандай жаңылыштык кетиришпептир. Муну баары Латвия менен Литванын билип туруп эле жасаган нерсеси экени ачыкка чыкты.

RT берүүлөрүн тыюу салуу — саясий чечим. Аны юридикалык жактан "тазараак" мотив менен түшүндүрсө болбойт беле? Албетте болмок. Антиш үчүн көбүрөөк башты оорутуп, ведомстволорго көбүрөөк күч жумшап, мыйзамдын ичинен кандайдыр бир жол таап чыгыш керек болчу.

Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш

Ушул өзгөчөлүк, кабыл алынган чечимдердин сыртынан болсо да жасалмалоо, жок дегенде юридикалык жактан сакталган кылдаттык качандыр бир кезде Батыш демократиясынын көзүрлөрүнүн бири болгон. Ал азыркыдай эмес, саясий системалардын фонунда өзгөчө, башкача көрүнгөн.

Андан бери канча суулар акты, жылдар өттү. RT берүүлөрүнө тыюу салуу маселесинде Балтика боюндагы республикалар акыркы жылдары ири державалар такыр башкача кылып салып, таптап койгон жол менен кетти.

Америкалыктарды белгисиз бир күкүм менен пробирка окуясы негизги, чыныгы нерседен алаксытып, башканы издетти. Тагыраагы, алар Иракка кирер алдында эл аралык коомчулуктун алдында бул кадамын негиздеп бериши керек эле.

Британиялыктар Скрипалдын айланасында ууландырды деген шоу уюштурду. Аларды көзгө сайып турган чындык копшолтуп да койгон жок. Сот акыйкаттыгын бетке кармап келген.

Нидерланддар МН17 боюнча соттук жараянда таңгалдырып бүтпөгөн кадамдарын жасашты.

Мындай маанайдагы мамиле Россияга эле эмес, Кытай, Иран, Венесуэла сыяктуу дагы бир топ "ичи чыкпагандарга" карата колдонулган. Ал бир эле эмес, бир нече жолу жасалып жаткандыктан, күнүмдүк көрүнүшкө айланып бара жаткандай. Анын фонунда Литва жана Латвия бийликтеринин RT берүүлөрүнө тыюу салган окуясы башкача көрүнөт экен. Айтор, сүр көрсөтүп, опуза кылуу канчалык деңгээлде керек деген суроо жаралат.

"Россия сегодня" ПАСЕде: журналисттерди кодулоо, түрмө, кесип ишеними жөнүндө

Мунун да өз логикасы бар. Антироссиялык көз караштагы аудиторияга "RT боюнча көзөмөл кылган Киселев" жөнүндө ("Скрипалды ууландырган Путин" же "Донбасстын үстүнөн учуп бара жаткан "Боингди" атып түшүргөн Кремль") жазылгандар жагат. Ал эми Россияга жана аны жактырган Батыштагыларга күч коротуп кереги жоктугун билип турушат. Кыязы, аларды өз тарабына тартуу же оюн өзгөртүү мүмкүн эмес деп эсептешет.

Алгач (ачык эле жасалма) маалыматтык, саясий, идеологиялык айла-амалдар, ал тургай Батыштын моралдык монополиясы менен башталган. Дал ошондон улам өзүнүн саясатын тыкыр жана жогорку чеберчиликте иштеп чыгууну маанилүү деп эсептебей калды. Муну атаандаштарына да жасады. Анын жыйынтыгында компетенциясын жоготуп жана өзүнө ашыкча ишенип, кенебей калгандыктан ал монополиясын кантип жоготуп алганын өзү да байкабай калды.

Эми абал башка өңүткө кете баштады. Азыр ошол күчтөрдүн бардыгы сапаттуу иштеп, олуттуу мамиле жасабай, кесипкөйлүгүн жан үрөп пайдаланбай калды. Себеби жанындагылар кетип калат, ал эми каршылашыңды баары бир макулдатып, ийге келтире албайсың.

Таң калычтуусу, алар баарын олуттуу ойлоп (Балтика боюндагы өлкөлөрдүн RT боюнча чечими да муну тастыктайт), кесипкөйлүктүн карааны да жок ыкмалары менен Россияны идеологиялык да, геосаясий да жактан жеңип алабыз деген бекем ишенимде болгондугу.

56
Белгилер:
телеканал, саясат, санкциялар, ЕБ, Россия
Тема боюнча
RT аймактагы журналисттер жана блогерлер үчүн медиа мектеп уюштурат
Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы
ГЭСтин агрегаторун оңдоо. Архив

Камбар-Ата-2 ГЭСинде оңдоо иштери жүрөт. Ири суммага тендер жарыяланды

0
(жаңыланган 08:30 11.07.2020)
Ал каражатка электр жарыгы, байланыш, жылыткычтар орнотулуп, суу түтүктөрдү коюлуп, имараттардын ичи-тышы жасалат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. "Электр станциялар" ачык акционердук коому Камбар-Ата-2 ГЭСинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 82 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.

Ага ылайык, жеңүүчү болгон компания ал каражатка электр жарыгын, байланыш, жылыткычтарды орнотуп, суу түтүктөрдү коюп, имараттардын ичи-тышын жасайт.

КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү

Андан сырткары, оор техниканын жардамы менен жээктерди, плотинанын айланасын бекемдемекчи

Камбар-Ата ГЭС-2 Тянь-Шандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Плотина Нарын дарыясынын агымы боюнча Токтогул ГЭСинен 70 чакырым алыстыкта курулган.

Досумбетов: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо 2021-жылы аяктайт

Гидроэлектростанциянын курулуш иштери 1986-жылы башталып 120 МВт кубаттуулуктагы үч агрегат боюнча долбоорлонгон. 2010-жылы биринчи агрегат ишке киргизилген. 

Суу сактагычтын көлөмү 70 миллион куб метр, пайдалуусу 7,5 миллион куб метр сууну түзөт.

0
Белгилер:
тендер, ГЭС, Камбар-Ата - 2, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек — Алматы жолунун боюндагы курулуштар иретке келтирилип, айыл чектери такталды
БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?
Кыргызстанга баасы 3 млрд. доллар турган Камбар-Ата ГЭС эмнеге керек? Маалымат