Россия ТИМи. Архивдик сүрөт

Россия ТИМи: атомдук согуштун тутануу ыктымалдуулугу күчөп жатат

308
(жаңыланган 17:47 12.09.2019)
Дипломат Батыштагы өнөктөштөр пикир алышуучу каналдардын баарына бөгөт коюп, курал-жаракка жүргүзүлгөн көзөмөлдү ойрондотуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Стратегиялык туруктуулук жаатында абал начарлоонун үстүндө, мындан улам атомдук согуштун тутануу мүмкүнчүлүгү күч алды. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдиргенин РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, бул — айныгыс факт.

"Атомдук согуштун тутануу тобокелчилиги бар. Тараптардын мындай алааматты баштоо планы жок болсо да кырдаал ушундай. Өзгөчө акыркы жылда абал курчуп кетти. Батыштагы кесиптештерибиз кызуу кандуулукка алдырып, кээде өтө эле агрессивдүү болуп жатышат", — деди Рябков Москвада өткөн "Экономиканын жогорку мектеби" улуттук иликтөө университети жасаган докладдын бет ачарында сүйлөп жатып.

Дипломат Батыштагы өнөктөштөр пикир алышуучу каналдардын баарына бөгөт коюп, курал-жаракка жүргүзүлгөн көзөмөлдү ойрондотуп жатканын белгиледи.

308
Белгилер:
курал, согуш, Тышкы иштер министрлиги, Батыш
Тема боюнча
Геосаясий атаандаштык жана анын акыбети. Оюндан от чыкпасын...
Ташкентте өзбекстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери айдоочулардын документтерин текшерип жатышат. Архив

Өзбекстанда 10-июлдан баштап катаал карантин киргизилет

86
(жаңыланган 10:22 09.07.2020)
Чектөөлөр өлкөдө коронавирустун күчөп кеткендигинен жана адам өлүмүнүн көп катталгандыгынан улам кабыл алынган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өзбекстан 10-июлдан 1-августка чейин үч жумага толук карантинге жабыларын Sputnik Өзбекстан билдирди.

Республикада эл жашаган конуштарда жана аймактар аралык бардык транспорттун кыймылына чектөө киргизилет.

Коомдук жана көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурууга, муну менен катар эл чогултуп үйлөнүү той, туулган күн жана башка мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Курагы 65 жаштан өткөн улгайган адамдарга коомдук жайларга келүүгө болбойт.

Бишкектеги бир катар соода борборлору карантинге жабылууда. Тизме

Эс алуу жайлары, азык-түлүк сатпаган базарлар жана дүкөндөр, спорт залдар, тамактануучу объектилер, пляждар жабылат.

Чет өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карап эл аралык каттамдарга да чектөө киргизилет.

Мындай кадамдар Өзбекстандагы коронавирустун күчөп кеткендигинен жана адам өлүмүнүн көп катталгандыгынан улам жасалууда.

Өлкөдө эпидемия башталгандан бери COVID-19 инфекциясын жуктурган 11 000 учур катталып, анын 7000ден ашыгы сакайып чыккан. Ал эми 45 адам каза болуп калды.

86
Белгилер:
карантин, коронавирус, Өзбекстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды
Гвоздика гүлдөрү. Архив

COVID: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

81
(жаңыланган 10:54 09.07.2020)
Коңшу өлкөнүн башчысы эч кимди кароосуз калтырбай, ар бир казакстандыктын ден соолугуна кам көрүлөрүн убадалады.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду коронавирустан каза болгондорго байланыштуу Улуттук каза күтүү күнү деп жарыялады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Токаев казакстандыктарды эл башына оор сыноо келип турганда жоопкерчиликтүү, кайраттуу жана сабырдуу болууга чакырган.

"Тилекке каршы, оору казакстандыктардын өмүрүн алып кетүүдө. Берилген расмий маалыматтардын артында жүздөгөн үй-бүлөнүн трагедиясы жатат. Кимдир бирөө атасын, апасын, ага-инисин, эже-сиңдисин, уулун же кызын жоготту. Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Бул биздин баарыбыздын трагедиябыз. Ошондуктан мен пандемиянын курмандыгы болгон казакстандыктарга байланыштуу 13-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алдым", — деп кайрылган Токаев.

Кыргызстанга салыштырмалуу өлгөндөр аз. Коңшу өлкөлөрдө абал кандай болууда

Ошондой эле ал эч кимди кароосуз калтырбай, ар бир казакстандыктын ден соолугуна кам көрөрүн убадалап, ынтымак менен гана ооруну жеңүүгө болорун белгилеген.

Соңку маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан 264 адам ажал тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 53 021ге жетип, 34 149 адам айыккан.

81
Белгилер:
өлүм, коронавирус, Касым-Жоомарт Токаев, аза күтүү күнү, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды
Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Элбашынын сейилдеги сүрөтү
Киши дарыларды сатып алып жатат. Архив

Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

0
(жаңыланган 11:15 09.07.2020)
Адис коронавирус жуктуруп алган учурда тамакка табит тартпай каларын айтып, ага карабай сууну күнүнө үч литрден кем эмес ичип, витаминдүү тамактарды көбүрөөк жеш керектигин айтты.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, коркуу сезими иммунитетти түшүрө турганын айтты.

"Коркуу сезими адамдын организминен кортизол аттуу гормондун иштелип чыгуусун шарттайт. Анда углевод алмашуу токтоп калат да, иммунитетти түшүрүп жиберет. Эгерде дене табыңыздар көтөрүлүп жатса, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылгыла же 118 номерине чалгыла. Интернетте тарап жаткан дары-дармектер менен өз алдынча дарыланбай, антибиотикти дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеңиздер. Дексаметазон дарысын да колдонбоңуздар", — деди Акматова.

Бир суткада дагы 361 адам коронавирус жуктуруп алды

Ал коронавирус жуктуруп алган учурда тамакка табит тартпай каларын айтып, ага карабай сууну күнүнө үч литрден кем эмес ичип, витаминдүү тамактарды көбүрөөк жеш керектигин айтты.

0
Белгилер:
иммунитет, дүрбөлөң, сезим, коркуу, брифинг
Тема боюнча
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет