ЭКОдон кийин кызы азиат болуп төрөлгөн америкалыктар ажырашып кетишти

CC0 / Pixabay / Free-PhotosРазводы в КР
Разводы в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДНК анализи Дрю Василевски чындап эле кыздын атасы эмес экенин далилдеген.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. АКШнын Нью-Жерси штатында жашаган түгөйлөр жасалма уруктандыруу менен балалуу болгондон кийин ажырашып кетишти. Бул тууралуу NBC New York телеканалы билдирди.

Кристина Кеддерич жана Дрю Василевски аттуу жубайлардын эки ача жолго түшүүсүнө кыздын азиат түспөлүндө болушу себеп экени айтылат. Бул бала башка эркектен төрөлгөнүн айгинелейт.

"ДНК анализи Дрю Василевски чындап эле кыздын атасы эмес экенин далилдеген. Репродуктивдүү клиниканын катасы алгач пикир келишпестикке, бара-бара бүлөнүн бузулушуна алып келди", — деп айтылат маалыматта.

Мурунку жубайлар ЭКОго 500 миң доллар (болжол менен 35 миллион сом) коротконун айтышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0