Сириядагы согуш бүттү. Сергей Лавров билдирүү жасады

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүСирийская армия освободила от террористов провинцию Дераа
Сирийская армия освободила от террористов  провинцию Дераа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияда согуш 2011-жылы башталган. 2015-жылдын август айында өлкө президенти Башар Асад Россияга кайрылып, аскердик жардам сураган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Сириядагы согуш аягына чыкты. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Труд" гезитине маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, өлкө акырындап жай турмушуна кайтууда.

"Чыңалган абал Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүнөн тыш калган жерлерде байкалат. Мисалы, Идлиб, Евфрат дарыясынын чыгыш жээги сыяктуу аймактар", — деди министр.

Здание министерства иностранных дел РФ  - Sputnik Кыргызстан
Россия ТИМи: атомдук согуштун тутануу ыктымалдуулугу күчөп жатат
Лавров мындай шартта Сирияга гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси биринчи планга чыгарын белгилеп, "өлкөдө жана Жакынкы Чыгыш аймактагы абалды турукташтыруу үчүн кризисти жөнгө салуу боюнча саясий процесстерди алдыга жылдыруу" башкы максат экенин кошумчалады.

Министр Россия Сирия тарап менен, анын ичинде оппозиция менен да алаканы мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Анын пикиринде, өлкө ичиндеги саясий процесске Сирия коомчулугунун бардык тобу катышышы керек.

"Жалпы жонунан Россия суверендүү Сириянын бүтүндүгүн, терроризмдин кесепетин жоюуну тездетүү, сириялыктардын мекенине, ал эми өлкөнүн "араб үй-бүлөсүнө" кайтып келүүсүн каалайт. Бул Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты камсыздамак", — деди Лавров.

Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Геосаясий атаандаштык жана анын акыбети. Оюндан от чыкпасын...
Эскерте кетсек, Сирияда согуш 2011-жылы башталган. 2015-жылдын август айында өлкө президенти Башар Асад Россияга кайрылып, аскердик жардам сураган. Ошол эле жылдын 30-сентябрынан тарта РФтин аба күчтөрү террорчуларга абадан сокку урган.

2017-жылдын соңунда "Ислам мамлекети" жеңилгени жар салынган. Ушу тапта биринчи планда мамлекеттеги саясий абалды жөнгө салуу, өлкөнү калыбына келтирүү жана качкындарды мекенине кайтаруу маселелери турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0