Сауд Аравиясынын ханбийкеси Францияда соттолду

© AFP / PETER STEFFEN / DPAХиджаб кийген аял. Архив
Хиджаб кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 2016-жылы ханбийкенин Париждеги батиринде болгон. Үйдө суу түтүктөрү бузулуп калып, аны оңдоо үчүн Ашраф Эид аттуу адисти чакырышкан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Сауд Аравиясынын ханбийкеси Хасса бинт Салман Францияда 10 жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу ВВС жазды.

Сауд Аравиясынын падышасы Салмандын кызы, мураскер ханзаада Мухаммед ибн Салман бин Сауддун эжеси Хасса суу түтүктөрүн оңдогон кишини жансакчысына сабатып, кечирим катары бутун өптүргөн деп айыпталып жатат.

Окуя 2016-жылы ханбийкенин Париждеги батиринде болгон. Үйдө суу түтүктөрү бузулуп калып, аны оңдоо үчүн Ашраф Эид аттуу адисти чакырышкан. Ал оңдоо иштери болуп жаткан бөлмөнү бир нече ирет сүрөткө тартып алган.

"Буга кыжыры келген ханбийке жансакчысын чакырып, Эидди сабатып, колу-бутун байлап батирде бир нече саат кармаган. Аягында жансакчы жабырлануучуга хан бийкенин бутун өптүргөн", — деп жазылат макалада.

12-сентябрь күнү сот ханбийкени күнөөлүү деп таап, "адамды мазактаганы үчүн" 10 жылга шарттуу эркинен ажыратып, 10 миң евро айыпка жыкты. Ал эми жансакчысы 8 айга эркинен ажыратылып, 5 миң евро айып төлөмөй болду.

Бирок Хасса бинт Салмандын жактоочулары соттун чечими менен макул болбой, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз даярдап жатканын билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0