Россиялык белгилүү актриса Анастасия Заворотнюк. Архив

Атактуу актриса Анастасия Заворотнюк мээ рагына чалдыкканы айтылууда

2354
(жаңыланган 09:56 16.09.2019)
Айрым ЖМКлар Заворотнюк медикаментоздук комага түшүрүлгөнүн жазып чыгышты. Актриса өзү ден соолугу боюнча комментарий бере элек.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россиялык белгилүү актриса Анастасия Заворотнюк акыркы стадиядагы мээ рагына чалдыкканын "Ласковый май" тобунун продюсери Андрей Разин айтып чыкканын РИА Новости жазды.

Разин өзүнүн Instagram баракчасына "Ласковый май" тобунун музыканттары Заворотнюк сакайып кетсе экен деп тиленип жатканын жазган.

Комментарийлерге интернет колдонуучулардын бири актрисага эмне болгонун сурап жазган. Буга Разин белгилүү жылдыз "акыркы стадиядагы мээ рагына чалдыгыптыр" деп жооп берген. Продюсер мындай маалыматты кайдан алганы белгисиз.

Буга чейин айрым ЖМКлар Заворотнюк медикаментоздук комага түшүрүлгөнүн жазышкан. Дарыгерлер мындай кадамга актрисанын абалы өтө начар болгондуктан барганы айтылган.

Ал эми артисттин директору Стас Христов буга чейин мындай маалыматтарды төгүнгө чыгарган. Анын айтымында, Заворотнюк эл арасындагы сөздү "ушак" деп баалоодо.

Христов актриса ден соолугу боюнча өзү маалымат берерин айтып, бирок кайсы убакта экенин тактаган эмес.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
2354
Белгилер:
Анастасия Заворотнюк, рак, мээ, актриса
Тема:
Анастасия Заворотнюк кабылган дарт (23)
Тема боюнча
Ракты жеңген Мурат Мусабаев: дарыгерлер ичимди ачып көрүп таң калышкан
Рыскулбеков: эми рак менен ооруган балдарга тамчылатма морфин колдонулат
Бекболотов: эми онкологиялык бейтаптын анализдери СПИД борборунан алынат
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

107
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

107
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Рим папасы Франциск. Архив

Рим папасы Франциск бир жыныстуу никени мыйзамдаштырып берүүгө чакырууда

84
(жаңыланган 12:39 22.10.2020)
Дин өкүлүнүн айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Демек, бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл.

"Бул үчүн бир дагы адам коомдон куулуп же бактысыз болбошу керек. Биз бул дүйнөгө душмандашуу үчүн эмес, үй-бүлөлүү болуу үчүн келгенбиз", — деди Рим папасы.

Эске салсак, ал башынан эле бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун колдоп келет.

84
Белгилер:
мыйзам, нике, үй-бүлө, Рим папасы Франциск
Тема боюнча
Рим папасы төшөк кумары тууралуу оюн билдирип, аны башкача баалады
Киши алтын кармап турат. Архив

Алтын камтылган кенди казуу жана сатууда киреше салыгы жогорулады

18
(жаңыланган 15:35 22.10.2020)
Салыктын коюму 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөйөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда алтын кенин жана концентратты казып алуу, ошондой эле сатуу менен алектенгендер үчүн киреше салыгы жогорулатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Салыктын коюму 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөймөкчү.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 22-августундагы № 141 мыйзамга ылайык, роялти боюнча салыктык база металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы болуп саналат.

Ибраев: былтыр 73 400 тонна концентрат өлкөдөн чыгарылган

Роялти боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен төмөнкүдөй бирдиктүү ставка белгиленет:

  • алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн – 5 пайыз өлчөмүндө;
  • алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн – 3 пайыз өлчөмүндө.

Мыйзам 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

18
Белгилер:
экономика, мыйзам, салык, сатуу, казуу, кен, алтын
Тема боюнча
30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу
Кыргызстан миллиондогон доллар жоготобу? Эксперттердин кооптонуусу