Футболчу Криштиану Роналду. Архив

"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео

1220
(жаңыланган 10:57 19.09.2019)
Интернет айдыңында атактуу спортчу, футбол жылдызы Криштиану Роналдунун интервью учурунда атасы, маркум Жозе Диниш Авейру тууралуу сөз болгондо ыйлап жиберген видеосу тарады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Социалдык тармакка ITV телеканалында Криштиану Роналду менен болгон маектен үзүндү жайгаштырылган. Анда журналист Пирс Морган футболчунун атасы каза болор алдында, 2005-жылы, уулу менен сыймыктанарын айткан видеосун көрсөткөн.

Ал ирмемдерди көргөндө атагы таш жарган Роналдунун ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Маалыматта уулу атасынын бул видеосун биринчи жолу көргөнү жазылган.

– Бул сен үчүн өтө эмоциялуу ирмемдер...

– Муну эч качан көргөн эмесмин. Кечиресиз... (Роналду ыйлап жиберди)

– Эмнеге маанайың чөгүп калды?

– Себеби мен биринчи номерде болуп жүрдүм, анымды атам эч качан көргөн жок. Ал менин сыйлыктарымды алганымды да көрбөй кетти. 

– Ал сенин атактуу болгонуңду көргөн жок беле?

– Эч качан. Менин үй-бүлөм, апам, бир туугандарым, ал тургай улуу балам билет. А бирок атам эч нерсемди көрбөй кетти, - деген Роналду көз жашын кылгыртып.

Биздин замандын улуу футболчусу менен журналисттин ортосунда ушундай диалог болгон.

Роналдудан атасы тууралуу мурда сурашканда аны жакшы көргөндүгүн айтып, бирок спирт ичимдигине жакын болгондугун жашырган эмес. 

1220
Белгилер:
ата, көз жаш, футболчу, Криштиану Роналду
Тема боюнча
Криштиану Роналду оюндан четтетилгенден кийин ыйлап жиберди. Видео
Эт. Архив

Ракты чакырган эки азык. Дарыгер аларды аз колдонууну сунуштоодо

167
Адис белгилегендей, шишик өрчүш үчүн "тамактанат". Ал эми глюкоза ага миңдин бири. Башкача айтканда, шишик глюкозанын жардамы менен чоңоёт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кумшекер менен малдын этин өтө көп колдонуу рактын өрчүп кетүү тобокелчилигине алып келет. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, РУДН окуу жайынын онкология жана хирургия кафедрасынын башчысы Константин Титов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Дарыгердин айтымында, кумшекерди көп колдонуу ашыкча салмакты пайда кылат. Бул гипертониялык ооруларга гана эмес, ракты чакырган кант диабетинин экинчи тибине да кептейт.

"Анан эмчек рагы, уйку безинин рагы сыяктуу залалдуу шишиктер пайда болот", — деди Титов.

Жатканда бел ооруйт. Рактын өзгөчө белгиси аталды

Адис белгилегендей, шишик өрчүш үчүн "тамактанат". Ал эми глюкоза ага миңдин бири. Башкача айтканда, шишик глюкозанын жардамы менен чоңоёт. Дарыгер кант диабетине кабылганда уйку безинин клеткалары инсулин бөлүп чыгара албай каларын эскертти.

Ал эми мал этинин курамында, айрыкча куурулган этте канцероген көп. Бул зат дагы ракты чакырып, анын өрчүшүн шарттай турганы маалым болду.

167
Белгилер:
кеңеш, дарыгерлер, Кумшекер, эт, азык, рак
Тема боюнча
Дүйнөдө биринчи болуп ВИЧти жеңген адам рактан каза тапты
Чай рактын жаралышына себепкер. Дарыгердин эскертүүсү
Адам алдан тайып, бат чарчайт. Өпкө рагынын алгачкы белгилери
Акча каражаттары. Архив

Экономика олку-солку болуп турганда акчаны кантип сактоо керек

74
Финансист үй-бүлө банктагы эсебинде канча акча болгондо кам санабай жашай берсе болорун дагы айтып берди.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Экономика бүгүнкүдөй туруктуу болбой турган мезгилде акчаны улуттук жана бир нече чет элдик валютада сактоо туура. Бул жөнүндө "Известия" басылмасына FinHelp компаниясынын директору Павел Вешаев билдирди.

"Пандемия, экономикалык кризистин айынан көп мамлекеттердин улуттук валютасы наркын түшүрүп ийип жатат. Ал эми евро менен доллар көпчүлүк учурда утушта. Бирок чет элдик валютада акчаны банкка сактасам эле чоң пайда көрөм деп бекем ишенип албаш керек. Азыр негизгиси каражатты сактап калуу маанилүү", — деди Вешаев.

Ошондой эле финансист үй-бүлө банктагы эсебинде канча акча болгондо кам санабай жашаса болорун да айтты.

Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп

"Улуттук валютада сакталган акча жок дегенде жакынкы 2-4 айга жетсе жакшы. Ал эми башка валюталарды кошкондогу каражат үй-бүлөнүн туура бир жылдык чыгымын жаап берсе, муну финансылык коопсуздук жаздыкчасы бар деп эсептесе болот", — деди адис.

Финансылык коопсуздук жаздыкчасы — бул турмушубузга киргенине көп боло элек жаңы термин. Эртеңки күнгө ишенимдүү арыш таштоо үчүн кайсы бир көлөмдө тыйын топтоп коюу дегенди билдирет.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш иретинде адистердин пикирин топтоп макала даярдаган.

74
Белгилер:
финансылык сабаттуулук, коопсуздук, үй-бүлө, банк, Банк, финансы
Тема боюнча
Банктык картадан акча уурдалса эмне кылуу керек. Кеңештер
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалидева. Архив

Жогорку Кеңеш Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер кылып бекитти

0
(жаңыланган 11:08 28.10.2020)
Сурабалдиеванын талапкерлигин биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалы менен тааныштырды.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалидеваны вице-премьерлик кызматка бекитти.

Анын талапкерлигин парламентке биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалын тааныштырды.

Андан соң эл өкүлдөрү талапкерге бир да суроо бербей, бир добуштан колдоп берди.

Эльвира Сурабалдиева 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми быйылкы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.

0
Белгилер:
вице-премьер-министр, Эльвира Сурабалдиева
Тема боюнча
Элвира Сурабалдиеванын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди
Эльвира Сурабалдиеванын вице-премьерликке талапкерлигин комитет колдоду