Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив

"Айыккыс шишик". Дарыгер Заворотнюктун дарты тууралуу кенен айтып берди

8813
(жаңыланган 11:00 19.09.2019)
Кечээ, 18-сентябрда, актриса өзү дем алып калганы айтылган. Бирок продюсер Андрей Разин анын ден соолугу, тескерисинче, начарлап бара жатканын билдирген.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия илимдер академиясынын академиги, Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордун илимий жетекчиси жана ардактуу президенти Александр Коновалов актриса Анастасия Заворотнюктун диагнозу анын институтунда коюлганын "Москва 24" телеканалында маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Бирок бейтапты Германияда дарылатуу чечими кабыл алынган.

"Биз диагноз коюп бергенден кийин Заворотнюк Германиядан операция жасатууну эп көрдү. Операция ийгиликтүү жасалыптыр, бирок муну менен баары бүтүп калбайт. Кошумча дарылануулар керек болот. Тагыраагы, нур терапиясы, химиотерапия жана дары-дармектерди алуу зарыл. Бул жөнөкөй препараттар эмес, шишикти убактылуу эле жоготот, бирок кымбат турат", — деген Коновалов.

Ал ошондой эле глиобластома айыкпас шишиктерге кире турган кооптуу дарттардын бири экендигин кошумчалаган.

Августтун башында ЖМКлар Заворотнюк олуттуу илдетке чалдыкканын жазып башташкан. Продюсер Андрей Разин актрисага "залалдуу мээ шишигинин акыркы стадиясы" диагнозу коюлганын билдирген. Актрисанын өкүлдөрү бул боюнча үн ката элек.

Өткөн жумада ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы кабарланган. Кечээ, 18-сентябрда, өзү дем алып калганы айтылган. Анткен менен продюсер Разин актрисанын ден соолугу, тескерисинче, начарлап бара жатканын билдирген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
8813
Белгилер:
дарыгер, рак, илдет, актриса, Анастасия Заворотнюк, Россия
Тема:
Анастасия Заворотнюк кабылган дарт (23)
Тема боюнча
Атактуу актриса Анастасия Заворотнюк мээ рагына чалдыкканы айтылууда
Актриса Анастасия Заворотнюк дем алдыруучу аппаратка туташтырылды
Россиялык актриса Заворотнюк Германиядан башына оор операция жасаткан
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

11
(жаңыланган 21:15 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

11
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет
Twitter социалдык тармагы. Архив

Twitter РИА Новостиге санкция киргизди. "Россия сегодня" үн катты

13
(жаңыланган 21:12 28.09.2020)
Социалдык тармактын бул кадамы боюнча эл аралык агенттик маалымат берип, азырынча администрация кайрылууга эч кандай жооп бербегендигин айтты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Америкалык Twitter социалдык тармагы РИА Новостиге цензура койду. Бул тууралуу аталган агенттик жазды.

Анын аккаунтуна катталбаган интернет колдонуучулар эми агенттиктин баракчасын Россиядан да, башка аймактардан да таба албайт. Мындан мурдараак ушундай жол менен Russia Today менен Sputnik профилдери да чектөөгө алынган.

"Twitter тарабынан көрүлгөн мындай чектөө ЖМКга болгон цензура деп эсептейбиз, буга Россиянын Конституциясында тыюу салынган. Биздин кайрылып, сураганыбызга эч кандай реакция болгон жок жана чечимдерин түшүндүрө алышкан жок. Маргарита Симоньяндын жеке аккаунтунда "мамлекеттик басылма" деген белги турат. "Америка үнү" же "Азаттык радиосунда" коюлган андай нерсени таба албайсыз. Бул ушундай адилеттүүлүк жана тең укуктуулук. Анан, албетте, туура "сөз эркиндиги", ансыз кантип болсун. Бул текстти Роскомнадзорго кайрылуусу деп эсептөөнү суранабыз", — деп билдиришти "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин маалымат кызматынан.

Мамлекеттик думанын маалымат саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Антон Горелкин цензура террордук ыкма менен киргизилди деп эсептейт.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

"Бул жарыяланбаган согуш деп аталат... Эгерде РИАнын түрмөгүнүн администрациясы тарабынан эрежелери бузулса, санкциянын салынышы туурасында түшүндүрүшү керек эле. Ал эми бул жерде тармактагы издөө кызматынан ири маалымат агенттигинин аккаунтун чыгарып салып, унчукпай отурушат", — деди Горелкин.

Федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча төрагасынын орун басары, Маалымат саясаты боюнча комиссиянын мүчөсү Александр Башкин РИА Новостинин Twitter тармагындагы профилин чектеп салуу Россияга каршы жарыяланган кадимки маалыматтык согуш деп мүнөздөдү.

Август айында Twitter жетекчилиги бийликтин көзөмөлүндө болгон ЖМКларды маркалоо башталарын билдирген эле. Албетте, бул эреже баарына бирдей тиешелүү эмес.

13
Белгилер:
цензура, чектөө, Twitter, АКШ, Россия
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
Блок-посттогу ИИМ кызматкерлери. Архив

Баткенде бүгүн киргизилген катуу чектөөлөр кайрадан алынды

22
(жаңыланган 21:45 28.09.2020)
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Алардын көбү Баткен облусунан чыгууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткен облусунда курчуган эпидемиологиялык кырдаалдан улам бүгүн киргизилген бир нече чектөөлөр бир сутка өтпөй жоюлуп, республикалык штаб бир нече тармактын иштөөсүнө кайра уруксат берди. Бул тууралуу аталган штаб кабарлады.

28-сентябрда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер, республикалык штабдын тапшырмасы менен кайрадан каралып чыккан.

Эске салсак, бүгүн Баткенде облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттун каттамы убактылуу токтотулган. Мал базарлардын иштебей, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окулбай турганы айтылган эле.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

"Анда жер-жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияларга кайрылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын кабыл алынган чектөөлөр, алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этери айтылган. Коомдук транспорттун, мал базарларын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айтып кайрылган сунуштары эске алынды", — деп жазылган маалыматта.

Мындан улам облустук штаб маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берген.

"Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү бет кап режими жана той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды. Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деп билдиришти штабдан.

Вирус күчөп бараткан Баткендин экинчи толкунга даярдыгы кандай

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

22
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика
Баткенде санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды. Арасында 9 мамкызматкер бар