Диетолог мээнин ишин жакшырткан негизги азыктарды атады

© Sputnik / Наталья Айирян / Медиабанкка өтүүУрожай грецких орехов
Урожай грецких орехов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач нерв клеткалары калыбына келбейт деген пикирди четке какты. Анын айтымында, жашылча-жемиште, сүт, эт жана жаңгактын курамындагы аминокислоталар мээнин клеткаларын жакшыртып, ишин илгерилетет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мээнин ишин жакшыртуу үчүн биринчи кезекте суу керек. Бул тууралуу Россиялык диетологдор коомчулугунун мүчөсү Людмила Данисенко айтканын "Известия" жазды. 

Анын айтымында, мээнин 90 пайыздан ашууну суудан турат, мындан улам суунун жетишсиздиги мээнин функциясына терс таасир тийгизет.

"Мээнин жакшы иштеши үчүн кан чуркап турушу зарыл, бул үчүн кан тамырлар жакшы абалда болушу керек. Кан тамырлар үчүн омега-3 кислотасы пайдалуу. Ал балыкта, өсүмдүк майларда жана жаңгакта болот. Мындан тышкары, мээдеги кан айланууну С витаминдери, натрий, цинк, жез, темир, йод сыяктуу минералдык заттар жакшырта алат", — деди Данисенко.

Врач нерв клеткалары калыбына келбейт деген пикирди четке какты. Анын айтымында, жашылча-жемиште, сүт, эт жана жаңгактын курамындагы аминокислоталар мээнин клеткаларын жакшыртып, ишин жөнгө салат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0