БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиянын жарандыгын алам деген кесипкөй чет элдик жарандардын эмгек стажы үч жылдан бир жылга чейин кыскарды. Аталган жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койгонун РФтин укуктук маалымат расмий порталында жазылган.
Өзгөртүүлөр ушул жылдын 2-октябрында күчүнө кирет.
Буга чейин РИА Новости жазгандай, жөнөкөйлөтүлгөн жобо менен жарандыкты чет элдиктер дагы, такыр жарандыгы жоктор дагы ала алат. Кесиптердин тизмеси РФ өкмөтү тарабынан бекитилип, катарга дарыгерлер, фармацевттер, математиктер, инженерлер жана башкалар кирген.
Жарлыктын максаты — Россияда экономика жана технологияны өнүктүрүү максатында кесипкөй адамдарды тартуу.
Виджет news