Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив

ЖМК: Заворотнюкту мээсиндеги шишикти алуу үчүн операцияга даярдашууда

605
(жаңыланган 14:03 20.09.2019)
Бейшемби күнү бейтап реанимациядан жалпы терапия бөлүмүнө которулган. Актриса оор комадан чыгып, өз алдынча дем алып калды.

БИШКЕК, 20-cен. — Sputnik. Россиялык актриса Анастасия Заворотнюктун мээсиндеги шишикти алып салуу үчүн операцияга даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу "Комсомольская правда" жазды.

Бейшемби күнү бейтап реанимациядан жалпы терапия бөлүмүнө которулган. Актриса оор комадан чыгып, өз алдынча дем алып калды.

Хирург-онколог дарыгерлер дарылоонун туура методун колдонуу менен мээдеги шишигин кетирип, инфекциянын өрчүшүн токтотушканын гезитке айтып берген.

"Эми бейтапты жалпы палатада онкологдор карап, дарылап, операция жасашат. Ооба, илдеттин оорлугуна карабастан шишикти алып салса болот экен. Чынында ооруну башталгыч кезинде дарылоо оңоюраак, бирок Анастасиянын дагы мүмкүнчүлүктөрү жаман эмес", — деп жазды гезит.

Буга чейин актрисанын директору Марина Потапова Анастасиянын абалы жакшыра баштаганын айтып, үй-бүлө мүчөлөрүндө үмүт пайда болгонун айткан. Ал эми жакындары бүгүнкү күнгө чейин комментарий берүүдөн баш тартып келишет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
605
Белгилер:
рак, мээ, Анастасия Заворотнюк, Россия
Тема боюнча
Актриса Анастасия Заворотнюк дем алдыруучу аппаратка туташтырылды
Россиялык актриса Заворотнюк Германиядан башына оор операция жасаткан
"Айыккыс шишик". Дарыгер Заворотнюктун дарты тууралуу кенен айтып берди