СССРдин эл артисти, ырчы Алла Пугачева. Архив

Россиялык артисттердин пенсиясы. Пугачевадан тарта Лолитага чейин

6466
(жаңыланган 10:00 23.09.2019)
Маданият ишмерлеринин катарында Россиянын эл артисти, эмгек сиңирген артисти болгон белгилүү актер, ырчы, бийчи жана алып баруучулар бар.

БИШКЕК, 22-cен. — Sputnik. Россиянын маданият кызматкерлери канча пенсия аларын "Известия" жазып чыкты.

Маданият ишмерлеринин катарында актерлор, ырчылар, бийчилер жана алып баруучулар бар.

Тизме:

  • Россиянын эмгек сиңирген артисти, 79 жаштагы Светлана Светличная — 50 миң рубль;
  • СССРдин эл артисти, 70 жаштагы ырчы Алла Пугачева — 47 миң рубль;
  • Россиянын эмгек сиңирген артисти, 57 жаштагы Алена Свиридова — 41 миң рубль;
  • Атактуу алып баруучу, 82 жаштагы Николай Дроздов — 30 миң рубль;
  • 55 жаштагы ырчы Лолита — 21 миң рубль;
  • 57 жаштагы алып баруучу Роза Сябитова — 14 миң рубль;
  • Балет жылдызы, 45 жаштагы Николай Цискаридзе — 12,1 миң рубль.
6466
Белгилер:
пенсия, маданият, Алла Пугачева, Россия
Тема боюнча
ЕАЭБ өлкөлөрү мигранттарга пенсия төлөй баштайт. Жол-жобосу кандай болот
Сейсмаограф маалыматтары. Архив

Түркияда экинчи ирет күчү 5 баллдан ашкан жер титиреди

116
(жаңыланган 00:00 31.10.2020)
Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Эгей деңизинин жээгинде күчү 5,1 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Anadolu агенттигинин маалыматына таянып РИА Новости билдирди.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан. Анын кесепети боюнча азырынча маалымат жок.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Түркиядагы экинчи жер титирөө. Биринчисинин күчү 6,6 баллга жетип, зилзаланын очогу Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзгөн.

Ураган имарат, кафеден чыга качкан эл. Түркиядагы зилзаланын видеосу

Акыркы маалыматтар боюнча, Измирдеги жер титирөөдөн көп кабаттуу үйлөр урап, 400дөн ашык киши жабыркап, 12 киши көз жумган.

116
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, жер титирөө, Түркия
Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөө

Түркиядагы зилзаладан 200дөн ашык адам жабыркап, каза болгондордун саны өсүүдө

188
(жаңыланган 22:08 30.10.2020)
Жер силкинүүдөн көп кабаттуу имараттар талкаланып, уранды алдынан 70тен ашык адам алынып чыкканы кабарланды.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдөн алты адам каза болуп, 200дөн ашыгы жабыркаган. Бул тууралуу РИА Новости Жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (AFAD) маалыматына таянып кабарлады.

Эске салсак, бүгүн, 30-октябрда, Түркияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, алты адам каза таап, 202 киши жарадар болгон", — деп жазылган билдирмеде.

Ураган имарат, кафеден чыга качкан эл. Түркиядагы зилзаланын видеосу

Зилзаладан көп кабаттуу имараттар талкаланып, уранды алдынан 70тен ашык адам алынып чыкканы кошумчаланды.

188
Белгилер:
жаракат, өлүм, жер титирөө, Түркия
Тема боюнча
Түркияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, имараттар урады. Видео