Индияда төрт буттуу, үч колдуу ымыркай төрөлдү

© AP Photo / Fernando Antonio, FileЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң кызыгы, ымыркайдын эгизи эч кандай патологиясы жок төрөлгөн. Дарыгерлердин божомолу боюнча, кош бойлуу аял башында үч эм төрөмөк, бирок эки түйүлдүк биригип кеткен.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Индиянын Тонка шаарында төрт буттуу, үч колдуу ымыркай кыз төрөлдү. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Эң кызыгы, ымыркай кыздын эгизи эч кандай патологиясы жок эле төрөлгөн. Дарыгерлердин божомолу боюнча, кош бойлуу аял башында үч эм төрөмөк, бирок эки түйүлдүк биригип кеткен.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы келин боюнда бар кезде бир да жолу УЗИге түшкөн эмес.

"Наристе төрөлгөндө дем алуусунда бир аз кыйынчылыктар болгондуктан аны дароо жасалма дем алдыруучу аппаратка коштук", — деди дарыгер Рохитеш Мина.

Анын айтымында, ымыркайдын ашыкча мүчөлөрү операциялык жол менен алынгандан кийин анын толук жашап кете аларына үмүт жаралды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0