Андай эмес мындай чабат! Соккудан буйтаган мушкер күтүлбөгөн жерден кайра муш жеди

© AFP / Ronald Martinez / Getty ImagesUFC 185 в American Airlines Center в Далласе
UFC 185 в American Airlines Center в Далласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC уюмунун тарыхында америкалык спортчу каршылашын "бэкфист" ыкмасы менен нокаутка кетирген жетинчи мушкер болуп калды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. UFC турниринин жарым жеңил салмак боюнча мелдешинде америкалык Стивен Петерсон менен мексикалык Мартин Бравонун кармашы күтүлбөгөн нокаут менен аяктады.

Эки мушкер Мехикодо UFC Fight Night 159 турниринде күч сынашкан. Спортчулардын тагдыр чечүүчү соккулары социалдык тармактарга жарыяланды.

​Экинчи раундда Питерсон менен Браво бири-бирин айланып туруп чабышкан. Бирок америкалык мушкер соккудан буйтап, атаандашын жаак талаштыра муштап нокаутка кетирген. Браво эс учун жоготуп жерге жыгылганда чуркап келип кайта аны чапкан Питерсонду калыс арачалап калган.

UFC уюмунун тарыхында америкалык спортчу каршылашын "бэкфист" ыкмасы менен нокаутка кетирген жетинчи мушкер болуп калды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0