Месси Роналдуну артта калтырып, жылдын мыкты футболчусу болду. Видео

© REUTERS / Marco BertorelloЦеремония вручения наград FIFA Football Awards 2019 в Милане
Церемония вручения наград FIFA Football Awards 2019 в Милане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испаниялык "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу өткөн сезондогу 50 оюнда "Барса" командасы үчүн 51 ирет гол киргизген.

БИШКЕК, 24-cен. — Sputnik. Атактуу футболчу Лионель Meccи FIFA версиясы боюнча мыкты оюнчу аталды. Бул тууралуу маалымат аталган федерациянын сайтына чыкты.

Сыйлык тапшыруу аземи 23-сентябрь күнү Миландагы (Италия) Ла Скала театрында болгон. Испаниялык "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу өткөн сезондогу 50 оюнда "Барса" командасы үчүн 51 ирет гол киргизген.

Аргентиналык спортчудан тышкары сыйлыкка португалиялык Криштиану Роналду менен голландиялык Вирджил ван Дейк ат салышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0