Окулист. Архивдик сүрөт

Көзүнөн "бриллиант" аккан кыз. Дарыгер себебин айтып берди

10949
(жаңыланган 11:57 24.09.2019)
Армениянын 22 жаштагы тургуну көзүнөн кристалл чыгып жатканын айткан. Ал күн сайын көзүнөн 50гө жакын "бриллиант" алып чыгат. Дарыгер бул өтө сейрек кездеше турган кесел экенин айтты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Армениянын тургуну Сатеник Каразяндын көзүнөн чыккан кристаллдар генетикалык жактан же инфекциялык оорудан улам пайда болушу ыктымалдыгын дарыгер-офтальмолог Татьяна Шилова РЕН ТВ телеканалына айтып берген.

22 жаштагы Каразян ооруп айыккандан кийин эле көзүнөн кристалл чыгып калганын айткан. Ал күн сайын көзүнөн 50гө жакын түсү жок катуу заттарды алып чыгат. Бейтап бардык дарыгерге кайрылганын, бирок ушул күнгө чейин так диагноз коё албай жатканын айткан. 

© Sputnik
Армянка Сатеник Казарян плачет "бриллиантовыми слезами"

Дарыгер-офтальмолог Татьяна Шилова Армениянын тургуну кабылган жагдай сейрек кездеше турганын билдирди. Анын айтымында, мындай патология аз кездешкендиктен дарыгерлер анын келип чыгуу себебин аныктоодо кыйналышат.

"Жаш — бул биологиялык суюктук, анын курамы канга абдан окшош. Кишинин генетикалык ооруларынан, көздүн сезгенип калышынан же ден соолуктун бузулушунан улам анын курамы өзгөрүп кетиши ыктымал. Жашта белок, май, микроэлементтер, ошондой эле иондор да бар. Анын курамына кирген туздар түрдүү себептерден улам тез кристаллга айланып кетиши ыктымал. Белоктор да өзүнүн курамын өзгөртүп, катып калышы мүмкүн", — деди адис.

Ал ошондой эле суюк субстрат соолуганда катуу затка айланып, көздүн чел кабыгын тытып кетиши толук мүмкүн экенин кошумчалады. Эмне себептен ушундай болуп жатканын так аныктоо үчүн бейтап толук медициналык кароодон өтүшү керек экени айтылды.

"Эгер зат алмашуу системасы бузулган болсо кристаллдар бир гана көздө эмес, боордо, бөйрөктө туз сымал катып калышы ыктымал. Андыктан текшерүүдөн өтүү керек", — деди ал.

Армениянын тургунунун көзүнөн чыккан кристалл экспертизага жөнөтүлдү, бирок жыйынтыгы чыга элек.

10949
Белгилер:
ден соолук, оору, медицина, Армения
Тема боюнча
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек