Жаштыгымды уурдадыңар! 16 жаштагы кыз БУУда сүйлөп элди ыйлатты

© REUTERS / LUCAS JACKSONШвециялык экоактивистка Грета Тунберг
Швециялык экоактивистка Грета Тунберг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл мурда Тунбергди эч ким деле таанычу эмес, азыр болсо ал дүйнөдөгү эң таасирдүү өспүрүмдөрдүн бири.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча саммитинин уюштуруучулары 16 жаштагы экоактивист Грета Тунбергди Нью-Йоркто сөз сүйлөө үчүн чакырышкан.

Бир жыл мурда Тунбергди эч ким деле таанычу эмес, азыр болсо ал дүйнөдөгү эң таасирдүү өспүрүмдөрдүн бири.

Тунберг саммитте экологиялык кризис тууралуу көзүнө жаш ала сүйлөп, чоңдорду ойго салганын BBC жазды.

"Аныгында мен бул жерде эмес, океандын ары жагындагы мектепте отурушум керек эле. Бирок силер бизге, жаштарга, үмүт артып кайрылып жатасыңар. Мындай кылганга кандай акыңар бар?! Куру сөзүңөр менен менин кыялдарымды, балалык кезимди уурдадыңар! Адамдар кыйналып, өлүп жатат. Бүтүндөй экосистема кыйроо алдында. Биз массалык түрдө жок болуп кетүү коркунучунда турабыз. Ошентсе да силердин сүйлөгөнүңөр тек гана акча. Экономикалык өсүш тууралуу жомогуңар бүтпөдү!" — деди Тунберг.

Экоактивист каршылык акцияларына чыгып жүрүп өзүнүн 16 жашында Нобель сыйлыгынын номинанты, GQ версиясы боюнча "жылдын адамы" боло алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0