22 жыл пицца жеп жашаган аялдын көзү көрбөй баратат. Англиядагы окуя

CC0 / PublicDomainImages / Пицца. Архив
Пицца. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жаштагы аял үч жашында сейрек кездешүүчү тамак тандоо дартына кабылган. Анда адам таптакыр жашылча-жемиш жей албайт, атургай көрөрү менен жүрөгү айланып, окшуй баштайт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. 22 жылдан бери оозуна бир дагы жер-жемиш ала элек англиялык аялдын көзү көрбөй бара жатат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

25 жаштагы аял үч жашында сейрек кездешүүчү тамак тандоо дартына кабылган. Анда адам таптакыр жашылча-жемиш жей албайт, атургай көрөрү менен жүрөгү айланып, окшуй баштайт. Дүйнө жүзү боюнча мындай илдет менен элдин үч пайызы жабыркайт.

Андыктан ал жалаң куурулган тоок эти, пицца жана чипсы сыяктуу азыктар менен тамактанат.

"Бул тамактар адамдын ден соолугуна пайдалуу витаминдерди бере албайт. Жер-жемиш жебеген кишинин организминде B12, D витаминдери жетишпей, мээнин көздүн көрүүсүнө жооп берген бөлүгүн жабыркатат. Мындан улам адамдын көрүүсү ордуна келгис болуп талкаланат", — деп жазылат макалада.

Бул Англиядагы биринчи мисал эмес. Жакында эле Бристоль шаарынын жалаң тез татым жеп чоңойгон 19 жаштагы тургуну көзү көрбөй калып, окуусун таштоого аргасыз болгон.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0