Армениянын полициясынын мурдагы жетекчиси Айк Арутюнян. Архив

Ок башына тийген. Армениянын экс-министринин сөөгү дачасынан табылды

279
(жаңыланган 13:43 25.09.2019)
Алдын ала маалымат боюнча Арутюнян өз өмүрүнө кол салган. Учурда укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Армениянын полициясынын мурдагы жетекчиси Айк Арутюняндын сөөгү табылды. Ал башына ок жеген. Бул тууралуу Sputnik Армения билдирди.

Ага ылайык, Арутюнян Котайк облусунун Бжни айылындагы дачасында өлгөнү боюнча маалымат полицияга 23-сентябрда саат 23:50лөр чамасында келип түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча Арутюнян өз жанын кыйган. Учурда укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Окуя болгон жерди кароо учурунда "ПМС" үлгүсүндөгү тапанча менен огу табылган. Sputnik Армения агенттигинин жазышынча, окуя болгон маалда үйдө аял киши да болгон. Ал тапанчанын атылганын угуп, Арутюняндын сөөгүн тапкан.

Аталган факты боюнча Армениянын тергөө комитети өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Күбөлөр сурак берип, соттук-медициналык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалар дайындалды.

Айк Арутюнян 1999-2003-жылдары ички иштер министри болгон. 2003-2008-жылдары полициянын жетекчиси, 2010-2014-жылдары Юстиция министрлигинин Кылмыштар боюнча башкармалыгын жетектеген. Ал, андан сырткары, Арменияда 2008-жылдагы окуялар боюнча күбө катары өтүп жаткан. Тактап айтканда, документтерди жасалмалоо боюнча көрсөтмө берген. Арутюняндын каза болгону тууралуу кабар тарагандан кийин анын киши колду болушу ыктымалдыгы же 2008-жылдагы иштер боюнча өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиришти деген имиштер айтыла баштаган.

 

279
Белгилер:
тергөө, сот, тапанча, Армения