Трамп ээрден оой баштадыбы? АКШ конгрессинде импичмент боюнча демилге көтөрүлдү

© REUTERS / YURI GRIPASАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Импичмент боюнча демилгенин от алып кетишине себептердин бири Трамп менен Зеленскийдин 2019-жылдын июль айындагы телефон сүйлөшүүсү болгон.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо процедурасын баштарын айтты.

"Бүгүн Өкүлдөр палатасы импичмент боюнча расмий иликтөө баштагандыгын жарыялайм", — деди ал атайын кайрылуу менен чыгып жатып.

Пелосинин айтымында, Трамптын кылган иштери анын президенттик кызматты, улуттук коопсуздукту, жалпысынан эле шайлоону сатып жаткандыгын көрсөтүүдө.

Кайрылуусун айтып бүткөндөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан.

Лидеры стран G7 на заседании во французском Биаррице. 25 августа 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Трамп G7 лидерлери менен мамилеси кандай экенин айтып берди
Пелоси импичментке алып келген жагдайга Трамптын Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүсү себеп болду деп эсептейт. Анда АКШнын президенттигине талапкерлердин бири Жо Байдендин уулу Хантер Байденге каршы иликтөө баштоону талап кылгандыгы айтылат. Демократтар муну "шайлоонун бүтүндүгүн бузгандык" катары карашат.

Трамптын импичменти боюнча расмий процедураны баштоо туурасында мындан мурдараак АКШнын Өкүлдөр палатасынын өкүлү Жон Льюис жыйында сүйлөп жатканда айткан эле.

Washington Post гезити маалымат булагына таянып, Пелоси жана демократиялык партиянын бир катар мүчөлөрү менен жыйыны жабык эшик артында өткөнүн жазган. Кеп импичментти уюштуруу үчүн атайын комитетти уюштуруу жаатында болгону кабарланган. Аталган комитеттин бир нече күндөн кийин түзүлөрү да алдын ала айтылды.

Трамптын реакциясы

Трамп өзүнүн импичменти боюнча процедура башталгандыгын билип, «демократтар Бириккен Улуттар Уюмундагы маанилүү күнүн бузууга аракет кылышты» деп жар салды.

"БУУда маанилүү күн. Ийгиликтер, иштер көп. Ал эми демократтар билип туруп баарын бузуп салышты. Бул биздин өлкө үчүн өтө жаман эле! Ал тургай телефон чалууда эмне айтылгандыгы боюнча текстти окубаптыр", — деп жазды Ак үйдүн Twitter баракчасына.

Украина боюнча Трампка коюлган кинелер

Импичмент боюнча демилгенин от алып кетишине Трамп менен Зеленскийдин 2019-жылдын июль айындагы телефон сүйлөшүүсү жаңы себептердин бири болду. ЖМКлардын маалыматында Америка лидери жашыруун деген маалыматты айтып коюп жана Киевди иликтөөнү жасоого мажбурлаганга аракет кылган. Трамп муну танган. Андан сырткары, бул иш Байденди жана анын Украинадагы коррупцияга аралашкан иштерин жаап-жашыруу үчүн болгон аракет деген.

24-сентябрда Трамп телефондогу ошол сүйлөшүүлөрдүн текстин төкпөй-чачпай элге алып чыгууга уруксат берген.

Генеральный директор Facebook Марк Цукерберг - Sputnik Кыргызстан
Цукерберг Трамп менен жолугуп, интернеттин келечегин талкуулады
Wall Street Journal басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянып, Трамп телефондон сүйлөшүп жатып Хантер Байден боюнча иликтөөнү ачуу жаатында Зеленскийге бир нече ирет басым көрсөткөндүгүн жазган. Ал эми Украинанын ИИМ жетекчиси Вадим Пристайко маегинде Трамп Зеленскийге басым кылган эмес деп айткан.

Хантер Байден Burisma Group компаниясынын директорлор кеңешинине кирет. Ал Украинадагы газ боюнча ири компаниялардын бири. 2016-жылы АКШнын вице-президенти болуп турганда Жо Байден Украина бийлигинен коррупцияга каршы катуу саясатты жүргүзүүнү талап кылган. Мунун алкагында Burisma ишти иликтеген андагы Башкы прокурордун оставкасын талап кылган. Аталган кызматта турган Юрий Луценко ата-бала Байдендердин мыйзам бузуп, аларды өлкөгө киргизбей коюуга анын колунда далилдин жоктугун айткан.

Күчтөрдүн теңдешүүсү

Төмөнкү палатада 435 мүчө болсо, демократтарда 235.

New York Times 200 кишинин импичментти колдой тургандыгын, анын ичинен 199 демократ жана парламенттин көз карандысыз бир мүчөсү бар экендигин жазган. Мыйзам чыгаруучу 87 парламентарий "жок, азыр эмес же чечкинсиз" деген категорияга кирген. Алардын ичинде 16 демократ жана 71 республикачы болгон. 148 эл өкүлүнүн жообун басылма ала алган эмес. Алардын басымдуу бөлүгү республикачылар (128) дешти.

Washington Post басылмасынын эсебине таянсак, демократтар жана республикачылар сурамжылоого алынган. 194 мыйзамчы импичментке макул болсо, 40ы учурдагы иликтөөнү улантууга макул деген. Бир адамдын жагдай боюнча комментарийи "так болбой" калган.

Импичменттин процедурасы

Саммит G7 во Франции - Sputnik Кыргызстан
Трамп Россиянын айынан G7 лидерлери менен кер-мур айтыша кетти
АКШнын Конституциясына ылайык, импичменттин процедурасында палатанын өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын Конгресстин жогорку палатасы — сенат карайт.

Учурда палата өкүлдөрүндө демократтардын өкүлдөрү көп, ал эми сенатта республикачылар арбын.

Washington Post Трамптын импичментин эл өкүлдөрүндөгү 253 демократтын 150сү колдорун жазды.

Виджет news

 

Жаңылыктар түрмөгү
0