Дарыгер. Архив

"Бриллианттар" чоңоюп кетти. Көзүнөн кристалл аккан аялдын бүлөсү тынчсызданууда

2961
(жаңыланган 13:49 25.09.2019)
Келиндин жолдошу Сурен Меликяндын айтымында, бир нече күндөн бери кристаллдардын саны азайганы менен көлөмү чоңоюп кеткенин айтууда. Бирок үй-бүлө жергиликтүү дарыгерлерге ишенбегендиктен аларга жардам сурап кайрылбай калган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Көзүнөн кристалл аккан армениялык 22 жаштагы Сатеник Казаряндын үй-бүлөсүнүн айласы кете баштады. Буга келиндин көзүнөн чыккан "брилианттардын" көлөмү чоңоюп жатканы себеп болгонун Sputnik Армения агенттиги жазды.

Келиндин жолдошу Сурен Меликяндын айтымында, бир нече күндөн бери кристаллдардын саны азайганы менен көлөмү чоңоюп кеткен.

"Эки ай мурда Сатениктин көздөрүнөн күнүнө 50дөй кристалл чыгып жаткан. Азыр саны азайып, бирок чоңураак боло баштады. Көздөрү сезгенип, ооруп жатат. Жергиликтүү ооруканаларга барбай деле калдык. Анткени алар жубайыма жардам берет деген ишеним аз. Ушул күнгө чейин диагноз коюла элек", — деди жолдошу.

© Sputnik
Армянка Сатеник Казарян плачет "бриллиантовыми слезами"

Эске салсак, бир нече күн мурда армениялык 22 жаштагы келин ооруп айыккандан кийин эле көзүнөн кристалл чыгып калганы белгилүү болгон. Башында күн сайын көзүнөн 50гө жакын түсү жок кристалл чыгып турган. Бейтап бардык дарыгерге кайрылганын, бирок ушул күнгө чейин так диагноз коюлбай жатканын айткан.

Кийин дарыгер-офтальмолог Татьяна Шилова Каразяндын көзүнөн чыккан кристаллдар генетикалык жактан же инфекциялык оорудан улам пайда болушу ыктымал экенин билдирген.

Маалыматка караганда, өзгөчө кеселге чалдыккан келиндин материалдык абалы дагы жакшы эмес. Өзү 15 жашында турмушка чыккан. Азыр беш жаштагы уулу бар. Жолдошу биринчи топтогу майып. Кайнене, кайнатасы пенсионерлер. Эгер чет өлкөдө дарыланууга туура келип калса, төркүнүнөн дагы жардам ала албайт. Апасы аны жана башка төрт бир тууганын жалгыз чоңойткон.

2961
Белгилер:
келин, ден соолук, оору, Армения
Тема боюнча
Көзүнөн "бриллиант" аккан кыз. Дарыгер себебин айтып берди
22 жыл пицца жеп жашаган аялдын көзү көрбөй баратат. Англиядагы окуя
Аэрофлот авиакомпаниянын Airbus A320  учагы. Архив

"Аэрофлот" бир нече шаарга августтагы каттамдарын токтотту. Ичинде Бишкек да бар

19
(жаңыланган 13:47 06.08.2020)
Буга чейин КРдин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы буга чейин пландалып, билеттер сатылып кеткен август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот.

"Аэрофлот" дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен август айына пландалган каттамдарын токтотуп турууга мажбур болду", — деп айтылат компаниянын түшүндүрмөсүндө.

Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Чек ара жабылгандан кийин миңдеген адамдар сыртта калып, учурда алардын көбү үйүнө кайтууну көздөп турушат.

19
Белгилер:
пандемия, миграция, учак, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

28
(жаңыланган 12:59 06.08.2020)
Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын эбак жыйынтыктап, бирок эл оозунда айтылып келе жаткандар дагы бар.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко Tapology спорттук басылмасынын версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди. Толук тизме порталдын сайтына жүктөлдү.

Жаңыртылган маалымат боюнча, Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын жыйынтыктаган атактуу спортчулар дагы бар. Аларга бааны ММА сүйүүчүлөрү берген.

Аралаш мушташ тарыхында эң мыкты мушкер деп канадалык Жорж Сен-Пьер табылган. Ал UFC уюмунда эки салмак категория боюнча чемпион болгон. Экинчи сапты учурда орточо оор (93 килограмм) салмакта бел курду тагынып турган америкалык Жон Жонс ээлеген. Үчүнчүгө мурдагы чемпион, бразилиялык белгилүү мушкер Андерсон Силва илинген.

Төртүнчү орунга UFC уюмундагы чемпиондук наамын бир нече жылдар бою коргоп келип, азыр башка компания менен иштешкен Деметриус Жонсон, ал эми бешинчиге россиялык Федор Емельяненко жайгашкан.

Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео

UFC уюмунун учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов сегизинчи орунга, анын эзелки атаандашы, мурда эки салмак категориясында бел курду тагынып турган ирландиядык Конор Макгрегор 17-орунга татыган.

Кыз-келиндердин арасында бразилиялык Аманда Нуньес лидер болгон. Ал 20-сапка илинсе, UFC уюмунун аялдар арасындагы алгачкы чемпиону Ронда Роузи 44-орунга жайгашкан.

28
Белгилер:
мушкер, рейтинг, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко: Нуньес мен көздөгөн акыркы атаандаш