ЖМКлар Зеленский Кадыровдон кантип кечирим сураганын жазышты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента Украины В. Зеленского во Львов
Рабочая поездка президента Украины В. Зеленского во Львов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы күзүндө Зеленский коопсуздугунан корккону үчүн ошол учурда ички иштер министринин биринчи орун басары болгон Владимир Евдокимовго келген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский 2014-жылы "Квартал 95" студиясын башкарып турган маалда, тамашалуу берүүсүндө Рамзан Кадыров бар сүрөттөрдү колдонгону үчүн Украинанын Ички иштер министрлиги аркылуу Чеченстандын президенти Кадыровдон кечирим суроого аракет кылган. Бул тууралуу "Страна.ua" порталы министрликтеги булагына таянып жазган.

Ага ылайык, 2014-жылы күзүндө Зеленский коопсуздугунан корккону үчүн ошол учурда ички иштер министринин биринчи орун басары болгон Владимир Евдокимовго келген.

Президент РФ В. Путин провел телефонный разговор с главами ДНР А. Захарченко и ЛНР И. Плотницким - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду?
Порталдын жазышынча, Евдокимовдун кол алдындагы Виталий Стрижак Зеленскийди ортомчу Юрий Ериняк менен жолуктурган. Ериняк өз кезегинде Чеченстандын Ички иштер министрлигинин жетекчисинин орун басарына, кийин мекеменин жетекчисине чыгып, ал Зеленский менен сүйлөшкөн.

Булактын айтымында, Зеленский менен Кадыров жолукмак. Бирок актер жолугушууга барбай койгондуктан чыңалган абалды Ериняк жолго салган.

Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан кийин мусулмандардан "ЧистоNews" телеберүүсүндө Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун сүрөтү колдонулганы үчүн кечирим сураган. Зеленский берүүнү алып барбагандыктан видеонун көрсөтүлгөнүнөн кабары жок болгонун айткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0