Параплан менен учуп жүргөн адам. Архив

Пилоттун акыркы мүнөтү, аялдын чаңырыгы. Парапландардын кагышуусу видеодо

2523
(жаңыланган 14:30 27.09.2019)
Бир нече ирмемден кийин жогору жактан аялдын чаңырган үнү чыгып, ал эми кадрдагы пилоттун шашып калганы, андан соң экөөнүн кулап бара жатканы видеого түшүп калган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кабардин-Балкар аймагында параплан менен учуп жүргөндөр абада кагыша кетип, эркек киши каза тапты. Кырсыктын видеосу "Силовики" деп аталган Telegram-каналга жүктөлгөн.

Маалыматта пилоттун каза таап, анын жанындагы жүргүнчүнүн оор жаракат алганы жазылган.

Кооз, бир жагы тоолуу, токойлуу капчыгай сымал жерде эки киши параплан менен табияттын кооздугуна суктанып, бейкапар каалгый учуп жүрөт. Инструктор өмүрүнүн акыркы сааттарында саякатты тартып жаткан камераны оңдоп жатат. Алардын фонунда алыстан парапландар көрүнүп турат. Бир нече ирмемден кийин жогору жактан аялдын чаңырган үнү угулуп, ал эми кадрдагы пилоттун далбастап, шашып калганын, андан соң экөөнүн кулап бара жатканы видеого түшүп калган.

Буга чейин РИА Новости маалыматты видеосу жок таратып, анда Кабардин-Балкар Республикасынын Чегем районунда эки параплан кагышып кеткенин кабарлаган. Анда Краснодар шаарынын 45 жаштагы тургуну каза болгону кабарланган.

Интернет айдыңында эми окшош окуянын видеосу тарады.

Кырсыкка аял кишинин себепкер болгону, анын шашып кетип парапланды башкара албай кишилерге урунганы айтылган.

2523
Белгилер:
аял, кырсык, өлүм, параплан, Россия
Тема боюнча
Ок башына тийген. Армениянын экс-министринин сөөгү дачасынан табылды
Россия президенти Владимир Путин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөө учурунда

Путин ДССУнун потенциалын жакшылап бекемдөөгө чакырды

15
(жаңыланган 23:21 22.09.2020)
Россиянын лидери бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында билдирүү жасады.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму потенциалын жакшылап бекемдеши керек. Ага Россия кызыкдар тарап катары катышат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин БУУнун онлайн форматта өткөн сессиясында билдирди.

Россиянын лидери бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында билдирүү жасады.

"ДССУнун потенциалын сапаттуу бекемдеш керек деп эсептейбиз. Мындай иштер жүрүп жатат жана Россия буга кызыкдар өлкө катары катышат", — деди Путин.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

Ошондой эле коронавирус пандемиясынын эпкини миллиондогон адамдарга тийип, адамзат үчүн жаңы чакырык болгонун белгиледи. Аны менен катар эч нерсе менен баалангыс жүз миңдеген өмүрлөр кыйылганын айтып өттү.

15
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУ, Владимир Путин
Тема боюнча
Октябрда КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Россия президенти Владимир Путин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөө учурунда

Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

20
Президент өз сөзүндө тарых БУУнун тынчтыкты сактап, өзүнүн негизги милдетин татыктуу аткарып жатканын тастыктап турарын айтты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму бир жерде туруп калбай, бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташып өзгөрүшү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөп жатып айтты.

"Эл аралык уюмдар же аймактык структуралар сыяктуу эле БУУ да калыбын бузбай тура бербеши керек. Ал өз өнүгүүсүндө XXI кылымдын өнүгүү динамикасын чагылдырып туруусу шарт. Демек, бүгүнкү күндүн талабына көнүп, ылайыкташуусу кажет, анткени дүйнө ушу тапта татаалдашып, көп кырдуу болуп бара жатат", — деди Путин.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

Мындан тышкары, президент өз сөзүндө тарых БУУнун тынчтыкты сактап, өзүнүн негизги милдетин татыктуу аткарып жатканын тастыктап турарын айтты.

"Артка кылчайып, саресеп салсак, кансыз согуш учурунда да, геосаясий өзгөрүүлөр маалында да, дүйнөлүк саясаттын шойкому күч болуп турганда да БУУ тынчтыкты сактап, континенттердин өнүгүүсүнө салым кошуп, өзүнүн башкы миссиясын татыктуу аткарып келе жатат", — деди РФ башысы.

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

Буга кошумча уюмдун туруктуу беш мүчөсүнүн вето укугунун маанилүүлүгүн белгилей кетти. Анын айтымында, бул дүйнөнүн аскердик-саясий балансын тең салмактап турат. Андан сырткары, БУУнун Коопсуздук кеңеши мүчө мамлекеттердин баарынын кызыкчылыгын эске алуу менен иштеши керектигин белгиледи.

20
Белгилер:
кайрылуу, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Владимир Путин
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Жүк көтөргөн адамдар. Архив

Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө

0
(жаңыланган 00:41 23.09.2020)
Өзүн элчиликтин кызматкери катары тааныштырган киши чек арадан өткөрүүгө жардам берем деп ар бир мигранттан 7000 рублден алган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиядагы кыргызстандыктарды автобус менен мекенге жеткирүүнү убадалап, акчасын алдап кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аты-жөнүн Кубанычбек Жээнкулов деп элчиликтин кызматкери катары тааныштырган жаран Казакстан чек арасын ачканын айткан. Ал жерден автобус менен өткөрүүгө жардам берем деп ар биринен 7000 рублден алып Башкыртстандан Оренбургга алып келген. Натыйжада шылуундун тузагына түшкөн мекендештер ара жолдо калышкан. Бул иш боюнча 22 киши элчиликке арыз жазды.

"Кубанычбек Жээнкулов деген элчиликтин кызматкери жок. Аны жоопко тартуу үчүн КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү РФ ИИМи менен биргеликте издеп жатат. Мыйзамсыз түрдө акча чогултканы үчүн катуу жазага тартылат. Элчилик мекендештерди ушул сыяктуу фактылар болсо кылмыштын алдын алып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн кабарлап коюуга чакырат", — деп жазылган билдирүүдө.

Даттануулар менен Россиядагы элчи Аликбек Жекшенкуловдун elchi.ru сайтындагы жеке блогуна жана КР ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгүнө predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук дареги же +7(926) 890 87 00 ыкчам байланыш номерине кайрылууга болот. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат

Учурда Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында Россиянын шаарларынан жана Башкыртстан Республикасынан келген 3500дөн ашык кыргызстандык топтолуп турганы маалым болду.

Элчилик Казакстандын аймагынан автобус менен өтүү үчүн "жашыл коридор" ачып берүү өтүнүчү менен казак тарапка кайрылган. Азырынча жооп келе элек.

Ошондой эле Оренбург облусунун жана Башкыртстандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ал жердеги кыргызстандыктарга шарт түзүү иштери жүрүп жатканы белгиленди. Ушул тапта Россия тарап аларды акысыз түрдө жатаканаларга, балдар лагерлеринин аймактарына жайгаштырды, мындан тышкары, чатыр лагери түзүлгөн. Айрымдары мейманканаларга жана жатаканаларга жайгаштырылды. Жарандарга үч маал бекер тамак берилип жатканы айтылды.

Ошону менен катары элчилик мекендештерге Казакстан чек арасын толук ача электигин эскертип, өз алдынча келип топтолбоого чакырат.

Мүмкүнчүлүккө жараша учак менен кетүүнү сунуштайт. Ошону менен катар элчилик авиакаттамдардын санын көбөйтүү жана билет баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылды.

0
Белгилер:
Мигрант, автобус, алдамчылык, чек ара, Элчилик, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды