Түркияда жер титиреп, мечиттин мунарасы урап калды. Видео

© REUTERS / MURAD SEZER26-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында катталган зилзаладан Авжылар районундагы Хожа Ахмет мечитинин бир мунарасы урап калган
26-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында катталган зилзаладан Авжылар районундагы Хожа Ахмет мечитинин бир мунарасы урап калган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Стамбул шаарында күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө катталып, сегиз киши жабыркаган. Бейтапканага жакын жайгашкан имараттын чатыры кулап, дарыланып жаткандар коопсуз жайга көчүрүлгөн.

БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. 26-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында катталган зилзаладан Авжылар районундагы Хожа Ахмет мечитинин бир мунарасы урап калган. Бул боюнча "Хаберлер" маалымат агенттиги билдирүүдө.

Очогунда күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөөдөн сегиз киши түрдүү жаракат алганы айтылууда.

Кырсыктын кесепетинен Силиври аймагындагы бейтапканага жакын жайгашкан имараттын чатыры кулап, дарыланып жаткандар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ошондой эле башка имараттардын дубалдарынан жарака кетип, мектептер жабылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0