Күн. Архивдик сүрөт

Ишемби күнү жер шарын магнит бороону каптайт

342
(жаңыланган 11:38 28.09.2019)
Жердин магнитосферасы чыңалып, бороондун эпкининде калса, ага индекс боюнча G1 (анча катуу эмес) деген эл аралык квалификация берилет.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ишемби, 28-сентябрда, жер шарында магнит бороону башталышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Илимдер академиясынын Физика институтунун күндүн рентген астрономиясы лабораториясына таянуу менен жазды. 

Ага ылайык, күндөн тараган магнит бороону Москва убактысы боюнча саат 3:00дөн 12:00гө чейин болушу ыктымал. Физиктер бороондун жер шарына жетүү ыктымалдуулугун 40 пайыз деп болжошууда.

Жердин магнитосферасы чыңалып, бороондун эпкининде калса, ага индекс боюнча G1 (анча катуу эмес) деген эл аралык квалификация берилет.

Окумуштуулар анчейин катуу эмес магнит бороону да энергосистеманын иштешине терс таасир этип, канаттуулар менен жаныбарлардын миграциясынын нугун бузушу ыктымал. Ал эми эң жогорку деңгээлдеги магнит бороону байланыш аппараттарын иштен чыгарып, навигациялык системалардын ишине тоскоолдук кылат. Ошондой эле электр кубаты чыңалып, айрым шаарлар, мегаполистер жарыксыз да калышы мүмкүн.

342
Белгилер:
физика, бороон, окумуштуулар
Тема боюнча
Окумуштуулар сентябрдын этегинде магниттик бороон болорун эскертти
Космостон жердин көрүнүшү. Архив

Жердин температурасы үч миллион жылдан бери жогорку көрсөткүчкө жетти

58
БУУнун башкы катчысы адамзат жардын кырында турганын айтып, калабанын алдын алуу үчүн дүйнө эли таза жана жашыл жолду тандап, биргелешип иш алып барышы керектигине токтолгон.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өткөн жылы Жердин температурасы үч миллион жылдан бери жогорку көрсөткүчкө жетип, адамзатты климаттык кыйроого жакындатты. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш "Петерсбергский климатический диалог" форумунда сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Өткөн жылы дагы күтүүсүз климаттык өзгөрүүлөр, кырсыктар көп болду", — деди Гутерреш.

Анын айтымында, абада көмүр кычкыл газынын концентрациясы 148 пайыз болуп эң жогорку тепкичке жеткен.

Гуттереш бул үч миллион жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин белгилеген. Ага чейин Жердин температурасы үч градуска, деңиз деңгээли 15 метрге жогору болчу.

БУУнун башкы катчысы адамзат жардын кырында турганын айтып, калабаны алдын алуу үчүн дүйнө эли таза жана жашыл жолду тандап, биргелешип иш алып барышы керектигине токтолгон.

58
Белгилер:
БУУ, температура, жер, Антониу Гутерриш
Тема боюнча
Гутерриш дүйнө туңгуюкка кептелгенин айтып, эл башчыларына сунуш берди
Жаңы зеландиялык трансгендер оор отлетчи Лаурель Хаббард. Архив

Эркек киши Олимпиадада аялдар менен күч сынашат

65
(жаңыланган 10:02 07.05.2021)
Лаурель Хаббард 12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жаңы зеландиялык оор отлетчи Лаурель Хаббард тарыхта Олимпиада оюндарына катышкан алгачкы трансгендер болуп калганы турат. Бул тууралуу The Guardian жазды.

43 жаштагы спортчу азырынча Жаңы Зеландиянын оор отлетика боюнча кыз-келиндер курама командасына расмий түрдө кабыл алына элек. Бирок Эл аралык олимпиада комитетинин жаңы эрежелерине ылайык, ал аялдар менен күч сынашып калышы толук мүмкүн.

Лаурель Хаббард  12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.

Коомдук уюмдар анын аялдар арасында күч сынашына каршы болуп келет. Анткени спортчу расмий түрдө аял болгону менен факт жүзүндө дене түзүлүшү жана күчү эркектикиндей деп эсептешет.

Ал буга чейин Самоада өткөн кыз-келиндер мелдешине катышып, эки алтын, бир күмүш утуп алган.

65
Белгилер:
аял, оор атлетика, эреже, олимпиада, трансгендер, эркек
Тема боюнча
Модель болгусу келген кечил бала жынысын алмаштырып, подиумга чыкты
Баткен районундагы турак жайдын фундаментин салуусу. Архив

Кармышаков: курулуш компаниялары баткендиктерге күзгө чейин үй салып берет

0
Экономика министри өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өкмөт менен жолугушуу учурунда курулуш компаниялары Баткенде чек ара чырынан турак жайы жок калгандарга 1-сентябрга чейин үй салып берүү ниетин билдиришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыр качкындардын баарына убактылуу жашап туруу үчүн ӨКМдин чатырлары берилген.

"Президент үй-жайынан ажырагандардын баарына там салып берүү тапшырмасын койду. Бул багыт боюнча министрлер кабинети ишкерлер, анын ичинде курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүк. Алар 1-сентябрга чейин жабыркагандарга бардык шарты менен үй салып берүү ниетин билдиришти", — деди экономика министри.

Кармышаков курулуш компанияларынын бири 30 үй салып берүүнү убадаласа, кээ бири 10, айрымдары 6-8ден там салууну айтышканын белгиледи.

"Жардам берем дегендер көп. Биз алардын баарын чогултуп туура жолго багытташыбыз керек. Республикалык бюджеттен кошумча 700 миллион сом бөлдүк. Анын 200 миллиону талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн ӨКМге берилсе, 500 миллиону чек ара чырынан жабыркаган башка объектилерди оңдоого жумшалат" — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык объектилер республикалык бюджеттин эсебинен оңдоло турганын кошумчалады.

Ал өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

0
Белгилер:
чыр, чек ара, курулуш, үй, жардам, Улукбек Кармышаков, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек