Кытайдагы тез жардам автоунаасы. Архивдик сүрөт

Автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, 36 киши мерт болду. Сүрөт

377
(жаңыланган 12:36 29.09.2019)
Кытайда 69 жүргүнчү менен бараткан автобус каршы тилкеге чыгып кетип, жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кытайда болгон жол кырсыгынан 36 киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн ЖМКлары жазды.

​Ага ылайык, жол кырсыгы 29-сентябрда Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында болгон. Анда 69 жүргүнчү менен кетип бараткан автобус каршы тилкеге чыгып жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен 36 киши каза болуп, дагы ошончо киши түрдүү жаракаттарды алган. Тогуз кишинин абалы өтө оор.

Алдын ала маалымат боюнча, автобустун дөңгөлөгү жарылып, каршы тилкеге чыгып кеткен.

377
Белгилер:
ЖМК, жол кырсыгы, Кытай
Тема боюнча
Бишкекте үч унаа кагышып, бир аял көз жумду. Видео
Депутат Абжалиевдин уулу аралашкан кырсыктын бети эмнеге ачылбай жатканы айтылды