Анастасия Волочкова Заворотнюк жөнүндө пост жазып, талоонго калды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки Никаса Сафронова "Иные миры"
Открытие выставки Никаса Сафронова Иные миры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк учурда онкологиялык илдет менен күрөшүп жатат. Бир нече күн мурда медиктер аны дарылоону токтоткону айтылган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Россиялык балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Instagram баракчасына айыккыс дартка чалдыккан Анастасия Заворотнюктун алып баруучу болгон видеосун жүктөп, анын астына жазган посту элди ызы-чуу түшүрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Я нашла это видео, где была ведущей… Сейчас можно только молиться о ее душе…", — деп жазган ал.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Анастасия Волочкова (@volochkova_art)

Бийчинин бул сөздөрүн окуган интернет колдонуучулар аны жапырт сынга алышты. Тагыраагы, "Адамдын жанын ("молиться о ее душе") ал өлгөн кезде ойлошот, жалынышат. Ал эми тирүү кезде анын аманчылыгын, ден соолугун тилешет" деп жазгандар көп болду.

Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Заворотнюкту мээсиндеги шишикти алуу үчүн операцияга даярдашууда
Бир нече саат өткөндөн кийин Волочкова постун өзгөртүп, "анын сакайып кетишине үмүт кылалы" деп жазды.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс шишик экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0