Илон Маск кишилерди Марс планетасына кандай кеме алып барарын көрсөттү

© AFP / Loren Elliott / GETTY IMAGES NORTH AMERICASpaceX Starship кемесинин прототиби. Архив
SpaceX Starship кемесинин прототиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маск биринчи учуулар жакынкы эки айдын ичинде ишке ашарын билдирди. Космостук кеме 20 чакырымга чейин көтөрүлүп, кайра жерге келет.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жүк жана космонавттарды Ай менен Марска жеткирүүгө жөндөмдүү аба кемесин көрсөттү. Starship аты ыйгарылган космос кемесинин прототибин Twitter баракчасына жарыялады.

​"Бул тарыхтагы эң кубаттуу ракета болот", — деп жазды ал.

Маск биринчи учуулар жакынкы эки айдын ичинде ишке ашарын билдирди. Космостук кеме 20 чакырымга чейин көтөрүлүп, кайра жерге келет.

Июль айынын аягында SpaceX жаңы кемени ийгиликтүү сыноодон өткөргөн болчу.

Масктын айтымында, Starship кемеси Марс планетасына жүз кишиге чейин алып бара алат. Бул планетага алгачкы учуу 2024-жылга пландалууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0