50 килограммга арыктаган актрисаны достору тааныбай калды. Сүрөт

© Фото / Pixabay/PexelsСпортчу кыз. Архив
Спортчу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актрисага жашоосун толугу менен өзгөртүүгө туура келген. Алгач ич майын алдырып салуу үчүн операция жасаткан. Азыр пайдалуу жана витаминдүү гана тамак-аш жейт.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жанна Шортино аттуу актриса бир жыл ичинде 50 килограммга арыктап, азыр достору дагы аны тааныбай жаткан кез. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Өзүнүн айтымында, ал кастингдердин көбүнөн өтпөй калчу. Максатына салмагынан улам жете албай жатканын сезип, тез арада арыктоо керек деп чечкен. 50 килограмм салмак таштоо үчүн ага бир жылдан азыраак убакыт керек болду.

Жанна өмүр бою ашыкча салмак менен күрөшүп, уккан-билген бардык диеталарды кармап көргөн. Бирок ушул убакка чейин анын бири дагы жардам берген эмес.

Бул жолку аракетине "Чач лагы" (Hairspray) аттуу мюзиклдеги өтө толук кыздын ролуна алынышы себеп болгон. Ошондон кийин актриса дайыма эле "чоң кыздардын" ролун аткарып жүрө бербешим керек деп чечкен.

Актрисага жашоосун толугу менен өзгөртүүгө туура келген. Алгач ич майын алдырып салуу үчүн операция жасаткан. Ошондон тарта арыктоо процесси башталып, азыркы учурда жумасына эң аз дегенде беш жолу машыгуу залына барат. Мындан тышкары, пайдалуу жана витаминдүү гана тамак-аш жейт.

Өзүнүн айтымында, азыр аны айрым достору дагы тааныбай жаткан кез.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0