Жан сакчы: Майкл Жексон журналисттерди кантип жетегине алууну билчү

© AFP / HECTOR MATA / POOLАмериканский певец Майкл Джексон
Американский певец Майкл Джексон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан сакчы Мэтт Фиддес ырчыны 10 жылга жакын кайтарган. Ал кезде Майкл Жексондун даңазасы таш жара элек болчу.

БИШКЕК. 2-окт. — Sputnik. Элдин жана журналисттердин көңүлүн өзүнө буруш үчүн поп-музыканын паашасы бет кап кийип же мурдуна пластырь чаптап алчу. Бул туурасында РИА Новости Metro басылмасына таянып жазды.

Басылма ырчынын жан сакчысы Мэтт Фиддестин айткандарына таянып материал даярдаган.

"Майкл журналисттер менен кантип иштеп, аларды жетегине алганды билчү. Анан да гезиттердин биринчи бетине чыгуунун ыкмаларын жакшы өздөштүргөн. Ал үчүн атайын бет кап менен чоң көз айнек кийип алса, кээде мурдуна кадимки эле пластырды чаптап койчу. Акыркы ыкмасы абдан жакшы жардам берчү. Эшикке чыкканда көп учурда ушинтип алчу", — деп айтып берген Фиддес.

Мэтт Фиддес ырчы Жексондун жан сакчысы болуп 10 жылга чукул иштеген. Атактуу артистти жөнөкөй адам катары, тагыраагы, анча атактуу боло электен тарта билгенин айтып берген.

Поп-музыканын паашасы жөнөкөй күндөрү, эшикке чыкпаганда макияж колдонгон эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0