Россия дүйнөдөгү эң кубаттуу замбиректи дагы күчтөндүрдү

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүү"Малка" замбиреги. Архив
Малка замбиреги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Замбиректин бөлүштүрүү механимздери, энергия менен камсыз кылуу жабдуулары алмаштырылды. Ошондой эле радиостанциясы, ички байланыш, сыртты көзөмөлдөө жана маалыматтарды иштеп чыгуу аппараттары жаңыланды.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Россиянын "Уралтрансмаш" компаниясы дүйнөдөгү эң чоң "Малка" замбирегин модернизациялоо иштерин аяктап калды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Аталган ишкана "Малка" замбиреги менен "Тюльпан" минометун оңдоп бүтүп калды. Бардык иштер мамлекеттик келишимде белгиленген убакытта аткарылып жатат", — деп айтылат макалада.

Учения Коллективных сил быстрого реагирования (КСОР) ОДКБ Взаимодействие–2018 - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда аскерлер террорчулардын "көзүн тазалап жатат". Машыгуу
Замбиректин бөлүштүрүү механимздери, энергия менен камсыз кылуу жабдуулары алмаштырылды. Ошондой эле радиостанциясы, ички байланышы, сыртты көзөмөлдөө жана маалыматтарды иштеп чыгуу аппараттары жаңыланды.

Ал эми "Тюльпан" минометуна жаңы байланыш сиситемалары коюлду.

Мындай жаңылануулар техниканын кубаттуулугун күчөтмөкчү. Модернизацияланган минометтордун алгачкы партиясы жөө аскерлер бөлүгүнө колдонууга берилди.

"Малка" —1975-жылы чыгарылган, ушул күнгө чейин дүйнөдөгү эң кубаттуу замбирек болуп эсептелет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0