БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Сауд Аравиянын бийлиги кыз-келиндердин аскерге барып, кызмат өтөшүнө биринчи ирет уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости "Аш-шарк аль-аусат" басылмасына таянып кабарлады.
Аталган королдуктун Коргоо министрлиги кыз-келиндерди аскерлердин катарына кабыл ала баштаган. Алар катардагы жоокерден тарта офицерлик кызматтарды аркалай алат. Аскер аба жана аскер деңиз күчтөрүндө, абадан коргонуу, стратегиялык ракеталар жана медициналык тармакта өзүн сынап көрсө болот.
Штаб генералы Хасан аш-Хашри гезитке "аялдарды аскерге кабыл алуу — алдыга туура кадам шилтөө" деп белгилеп, Сауд Аравиясында "аялдар үчүн жумуш жетиштүү" экендигин айткан.Армияда сауд аялдарынын болушу консервативдүү мамлекеттин аялдардын ролун өзгөртүү боюнча жаңы кадамы катары каралууда. Бул мураскер ханзаада Мухаммед бен Сальмандын жетекчилиги менен алдыдагы 30 жылга чейинки жасалган экономикалык өзгөрүштөр программасынын алкагында болгондугу айтылды. Анда кыз-келиндерди королдуктагы реформанын кыймылдатуучу негизги күчтөрүнүн бирине айлантуу туурасында да жазылган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.
Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.
Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан.
"Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкө парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирди. Вячеслав Володин Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш болгондуктан диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, эки парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мамдума төрагасы Баш мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгилеген.
Ал эми президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгилеген. Ал өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин кошумчалаган.
"Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.
"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.
Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.
Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.