Дени сак балалуу болом деген эркек ичимдиктен кайсы убакта баш тартышы керек?

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКафе в Чите
Кафе в Чите - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин иликтөөсү боюнча, энесинин боюна бүткөнгө чейинки айларда атасы ичип жүргөн балдардын 42 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынын ар кайсы түрү менен жабыркап төрөлөт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Дени сак балалуу болом деген эркектер аялынын боюна бүткөнгө чейин алты ай мурда спирт ичимдиктеринен баш тартышы керек. Бул тууралуу Чанша университетинин (Кытай) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып Daily Mail басылмасы жазды.

Акушер-гинеколог Аида Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Гинеколог: бойдон алдыруу организмдин функциясын бузат
Адистер узак жылдар бою 340 миң ымыркайдын ден соолугун иликтеген. Жыйынтыгында энесинин боюна бүткөнгө чейинки айларда атасы ичип жүргөн балдардын 42 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынын ар кайсы түрү менен жабыркап төрөлгөнү белгилүү болгон.

Баса, дарыгерлер балалуу болгусу келген эркектерге гана эмес, аялдарга дагы ичимдиктен баш тартууну сунуштайт. Болгондо дагы эркектердей болуп алты ай эмес, бир жыл мурда ууртап-татпашы керек.

"Ошондой эле кош бойлуу кезде дагы алкоголдук ичимдиктерди жолотпой эле койгону туура", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистердин айтымында, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жаңы туулган балдардын сегиз пайызы тубаса жүрөк оорулары менен жарык дүйнөгө келет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0