Гандинин сөөгүнүн күлүн анын 150 жылдыгы белгиленип жатканда уурдап кетишти

© AP PhotoИндийский политический и общественный деятель Махатма Ганди
Индийский политический и общественный деятель Махатма Ганди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештин башчысы Гурмит Сингх "улут атасына" табынуу үчүн келгенде күлдүн жок экендигин байкап калган. Вандалдар мемориалдын кире беришине "улуттук саткын" деп жазып да кетишкен.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Индиянын улуттук-боштондук кыймылынын лидери Махатма Гандинин өрттөлгөн сөөгүнүн күлүн уурдап кетишти. Бул туурасында РИА Новости India Today журналына шилтеме кылып кабарлады.

Ганди өлтүрүлгөн 1948-жылдан кийин сөөгү өрттөлүп, ал эми күлү бир нече жерге бөлүнүп сакталган. Анын бири Мадхья-Прадеш штатындагы мемориалда эле.

Окуя Гандинин 150 жылдыгы белгиленип жатканда болгон. Муну жергиликтүү кеңештин башчысы Гурмит Сингх "улут атасына" табынуу үчүн келгенде байкап калган. Вандалдар мемориалдын кире беришине "улуттук саткын" деп жазып да кетишкен.

"Кыязы, бул Гандини өлтүргөн Натхурам Годзени жакшы көргөндөрдөн окшойт. Мындай жек көрүүчүлүк акырындап токтотулушу керек, ал эми полиция тез кыймылдап күнөөлүүлөрдү таап чыгышы зарыл", — деген Сингх.

Наступление британских войск на Рангун в Бирме - Sputnik Кыргызстан
Черчиллди суктантып... Индиялык армиянын II дүйнөлүк согушта билинбей калган эрдиги
Мохандас Карамчанд Ганди — Индиянын улуттук-боштондук кыймылынын башкы идеологу. Индиялыктарды эзгендерге күч менен эмес, идея менен күрөшүүгө чакырган. Анын зомбулуксуз күрөшүнүн ыкмалары — тынчтык жүрүштөрү жана моюн сунбоо акциялары болгон. Бул Британиянын колониясынан бошонууга миллиондогон индиялыктарга дем берген.

Гандини 1948-жылы 30-январда радикал-улутчул Натхурам Годзе өлтүргөн. Ал Гандинин саясатын сындап, мусулман элдин пайдасына индуисттердин кызыкчылыгын курмандыкка чалган деген. Годзе кандуу кадамынан кийин өлүм жазасына тартылып, 1949-жылдын ноябрь айында өкүм аткарылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0