UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор. Архивдик сүрөт

Макгрегор кары кишиге кол көтөргөнү үчүн кесилип кетиши мүмкүн

374
(жаңыланган 14:40 07.10.2019)
Макгрегор барда отургандарды өзүнүн бренди менен чыккан вискиден куюп сыйлаган. Ал эми ичимдик ичүүдөн баш тарткан улгайган адамды спортчу муштап жиберген.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор барда улгайган кишиге кол көтөргөнү үчүн 11-октябрда сот алдында жооп берет. Мушкер жарым жылга чейин кесилиши мүмкүн экендигин РИА Новости жазды. 

Ушул жылдын 6-апрелинде болгон окуя тууралуу коомчулукка жакында эле билинген. Интернетке тараган видеого караганда, Макгрегор барда отургандарды өзүнүн бренди менен чыккан вискиден куюп сыйлаган. Бирок ал жактагы улгайган адам ичимдик ичүүдөн баш тарткан. Мындан улам мушкер аны бир муштаганын көрүүгө болот.

Басылмада сот отуруму 11-октябрда Дублинде болору жазылган. Макгрегор кол салууга күнөөлөнүп жатат. Мындай ишке айыпталгандар алты айга чейин кесилип, 1500 евро төлөшү мүмкүн экендиги айтылат.

Конор соңку беттешин 2018-жылы 6-октябрда АКШда UFC 229 турниринин алкагында өткөрүп, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Аз убакыт мурда UFC башчысы Дана Уайт ирландиялык мушкер октагонго качан кайтышы мүмкүн экендигин айткан.

374
Белгилер:
кол салуу, сот, мушкер, Конор Макгрегор
Тема боюнча
UFC президенти: Конордун Хабиб менен беттешүүгө мүмкүнчүлүгү бар
Валентина Шевченко Холли Берри менен киного тартылат. Сүрөт