Топту тосом деген дарбазачы колун сындырып алды. Окуянын видеосу

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАнглиянын "Тоттенхэм Хотспур" футбол клубунун дарбазачысы Уго Льорис. Архив
Англиянын Тоттенхэм Хотспур футбол клубунун дарбазачысы Уго Льорис. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жагымсыз окуя Англиянын премьер-лигасынын сегизинчи турунда болуп, дарбазачынын секиргенден кийин жерге кулаган учуру видеого түшүп калган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Англиянын "Тоттенхэм Хотспур" футбол клубунун дарбазачысы Уго Льорис топту тосом деп жатып колун сындырып алды.

Жагымсыз окуя Англиянын премьер-лигасынын сегизинчи турунда болгон. Анда "Тоттенхэм Хотспур" менен "Брайтон" клубдары ойногон. Дарбазачы секиргенден кийин жерге кулаган маалда сол колун баса жыгылып, ал эми топтун дарбазага кирип кеткенин көрүүгө болот.

Жыйынтыгында "Брайтон" клубу "Тоттенхэмди" 3:0 эсебинде утуп алган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0