Гонконгдогу нааразычылык акциясыны

Бет кап киебиз! Гонконгдо он миңдеген адам нааразылыкка чыкты

86
(жаңыланган 15:06 07.10.2019)
Эл нааразылыкка "Гонконгдуктар, каршы чыккыла" деген жазууларды көтөрүп чыккан. Маал-маалы менен полициянын тарап кетишин талап кылган кыйкырыктарды угууга болот.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бул аптанын жума күнү нааразылыкка, митингге чыккан адамдардын бет кап кийишине тыюу салган мыйзам Гонконгдо элдин толкундоолорун жаратты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Он миңдеген жаран буга кыжыры келип көчөгө чыккан.

Нааразы болгондор мурдагыдай эле беттерин жашырып, көрсөткөн эмес. Эми алар тартип коргоочулардын колуна түшсө, бир жылга чейин эркинен ажыратылып же болбосо 3,2 миң долларлык айыпка жыгылат (223 200 сом).

24 адамдан турган мыйзам чыгаруучулар мындан мурдараак тыюу салган мыйзамдын ишке киришин токтотуу туурасында сотко кайрылганы менен жекшемби күнү ал өтүнүч-талап канааттандырылбаганы белгилүү болду.

Нааразылыкка чыккандар баррикада куруп алып, кара жолдогу транспорттун жүрүшүн тосуп жатат. Мунун айынан жалпы кыймыл үзгүлтүккө учураган. Ишемби күнү (5-октябарь — ред.) вандализмдин бер нече фактысы катталган. Маалыматта бул көрүнүш станциялардагы жабдууларды кайра калыбына келтирүү иштерин талап кылганы айтылган. Мындан улам миллиондогон калкы бар мегаполистеги станциялардын жарымы гана иштээри кабарланган.

Дүкөндөр менен соода жайлары кооптуулуктан улам жабылган.

Эл нааразылык акциясында "Гонконгдуктар, каршы чыккыла" деген жазууларды көтөрүп алышкан. Маал-маалы менен полициянын тарап кетишин талап кылган кыйкырыктарды угууга болот.

Ал эми тартип сакчылары баррикадаларды тазалап, жаалдангандардын чыкканы мыйзамсыз экендигин айтып, тезирээк тарап кетүүсүн талап кылышкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
86
Белгилер:
полиция, сом, мыйзам, нааразылык акциясы, Гонконг
Тема боюнча
Григорьевка капчыгайына атайын техника тартылдыбы? Окуянын чоо-жайы