БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын Отаго университетинин окумуштуулары дүйнөлүк эпидемия жаралып апокалипсис болгон учурда кайсы өлкөгө барып жашаса болорун аныкташты. Бул туурасында Science Alert илимий порталы жазды.
Изилдөөчү топтун жетекчиси Ник Уилсондун айтуусу боюнча, адамзат мурда дүйнөгө жайылган эпидемиянын кесепетинен кырылып келген. Ал эми келечекке көз чаптырып боолголой турган болсок, адам баласынын биотехнологиялык ачылыштардан улам айыккыс пандемияга чалдыгуу тобокелдиги бар.
Уилсон апокалипсиске кептелген учурда аман калуу кыйынга турарын белгилеген. Эгер жаратылыш кырсыгы болгон маалда адамдар коопсуз жерге жайгашса, аман калышы ыктымалдыгын эскертет.Окумуштуулар апокалипсис болгон учурда баш калкалай турган 20 өлкөнүн тизмесин түзгөн. Эң эле коопсуз деп Австралия, Жаңы Зеландия жана Исландия табылган. Ал эми Япония, Куба, Фиджи, Ямайка, Барбадос жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк кененирээк мамлекеттер деп аталган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. "Евровидение-2021" сынагына Россиянын атынан Manizha аттуу ырчы катышат.
Маалым болгондой, ал көрүүчүлөрдүн көп добушун топтоп жеңишке жеткен. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 8-март күнү Биринчи каналдан айтылган. Аталган сынакка катышуу үчүн "2Маши" жана Therr Maitz топтору да ат салышкан.
"Евровидение" сынагы былтыр коронавирус пандемиясынан улам болбой калган. Быйыл эл аралык сынак 18-22-майда Роттердамда (Нидерланд) өтүп, ага 41 өлкөнүн өкүлү катышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара кадимки тартипте өтөт. Бирок делегация курамы менен журналисттердин саны кыскартылат. Ошондой эле шоуга көрүүчүлөр кирер-кирбеси азырынча белгисиз.
Россиянын Бердск шаарынын спортчулары дээрлик 600 метр бийиктикте туруп өнөрүн тартуулашкан.
Алар дүйнөдө биринчи болуп асманга көтөрүлгөн учурда концерттик программасын аткарганы белгиленет. Гимнасттар муну менен эле чектелбей, дагы да көп ыкмаларды жасай турганын айтышкан.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган.
"3-5-март күндөрү өткөн мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 100дөй темир билек балбан эркектер жана кыздар катышты. Алар 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109 килограмм жана андан оор салмак категорияларында күч сынашты. Ал эми 45, 49, 59, 64, 71 жана 76 килограмм салмакта кыздар таймашып, мыктылар аныкталган. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлеген оор атлетчилер дирекциянын диплом, медалдары менен сыйланышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Быйылкы жылдын чемпиондору жана байгелүү орундардын ээлери боюнча толук маалыматты агенттиктин сайты аркылуу билүүгө болот.