Бир сааттык никелер. Журналист Ирактагы мыйзамсыз иштердин учугун тапкан

© AFP / MOHAMED EL-SHAHEDУниверситет Мосула
Университет Мосула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык кабарчы Иракка барып, коомчулуктун, элдин көзүнчө "болбойт, анын бетин ары кылсын" деген иштерди имамдардын өздөрү жашыруун жасай тургандыгын иликтеп чыккан.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ирактагы жамааттардын өкүлдөрү диндеги байыркы мезгилде кездешкен кээ бир көрүнүштөрдү азыркыга ылайыкташтырып, мыйзамдаштырып, андан улам сексуалдык кылмыштар пайда болгондугун BBC журналистине айтып беришкен. 

Сойкулук менен алектенген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Стамбулда сексуалдык кулчулуктан 35 кыргызстандык кыз бошотулду
Мурда айтылып келе жаткан "мутаа" же "ырахат алыш үчүн үйлөнүү" азыр кээ бир дин кызматкерлери тарабынан заманбап түргө келип, кайрадан жандана баштаган. Тагыраагы, эркек киши селкилерди, ал тургай кичинекей кыздарды өзүнүн эркектик каалоосун кандырыш үчүн "убактылуу нике кыюу" жолу менен сатып алып келишет.

Улам тереңдеп, тамырын жайган бул көрүнүш кыздарды сексуалдык күңгө айлантып жаткандыгын байкоого болот.

Русул кыздын баяны

Журналист ушундай тагдырга кабылган кызды таап, аркандын учу кайда жаткандыгын аңдап билген.

"Русул буга чейин канча ирет нике кыйдырганын так айтпаганы менен көп эле кишиге "күйөөгө чыккандыгын" туйдук. Анын турмушундагы азабы шыпылдаган бир жигитке жолуккандан кийин башталган", — деп айтылат материалда.

...Русул иштеген жерге жакшынакай, жаш жигит күн сайын келип, сүйлөшүп, тамашалашып, айтор, сөзү менен кыздын көңүлүн жылытып кете турган. Кичинекей сиңдисин баккан, ансыз да мээримге суусап жүргөн кызга жигиттин кеп-сөзү жылуулук тартуулап, акырындап отуруп ага ашык болуп калган.

Жигит үйлөнүү тууралуу сунушун айтканда кыздын кубанычында чек жок эле. Кимдин эле ушундай жаш жана жакшынакай адам менен турмуш кургусу келбесин?..

Бактысына батпаган келинчек

Ошентип көптөн күткөн күн да келип, нике кыйган кеңсеге баш багышты. Болочоктогу келинчектин толкунданганын айтпаңыз. Имам өзүнчө бир нече сөздөрдү айтып, андан соң Русулдан "250 доллар калыңга макулсуңбу?" деген суроо узаткан. Аягында күйөөсү менен аялына кол коё турган документти сунган. Кыз аны окуй да алмак эмес, окуган күндө деле ал кагаздан кандай жыландын башы чыгып турганын аңдабайт болчу.

Ситуация в Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум бомбага жарылып, уулум атылды... Сириядан кайткан казак келиндердин баяны
Нике кыйылгандан кийин күйөөсү Русулду шаштырып, жакын жайгашкан батирге кыйылган никени тастыктап, аягына чыгуу үчүн алып барган. Келинчек толкунданып турган менен уктоочу бөлмөнүн эшигин жаап кирип баратып, жараткандан жакшы күйөө, ойдогудай жашоо беришин тилегенге үлгүрдү. Чындыгында Русул бир нече күн жомоктогудай жашады. Ал эми бир нече аптадан кийин күйөөсү ың-жыңсыз жок болду. Көрсө кыйылган никенин мөөнөтү бүтүптүр...

Русул күйөөсүнүн жок болуп жатканын айтыш үчүн баягы имамга келгенде кызыктын баары башталган. Киши эч нерсе болбогонсуп, келинге жаңы нике сунуштаган.

Жергиликтүү салт-санаа боюнча кыз белгисинен ажыраган селкинин күйөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү дээрлик болбойт.

"Молдо мага "иш" берип турду. Ушул жол менен кеткенден башка менде арга калган жок", — деп күрсүнө жооп берген Русул журналистке.

Кыздын кыйылган никеси ар кыл болуп, бир сааттан бир нече күнгө созулуп турган.

"Молдо чалып, силерге ылайыктуу киши таптым дегенде, билесизби, баш тарта албайм", — деген Русул.

Андай никелерди уюштуруп, утурумдук күйөө таап берген имамдар кыздардын боюна бүтүрбөөчү каражаттарды кошо берип турганы да маалым болду.

"Мутаа" жана "мисьяр"...

Сириядагы аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны
"Мутаа" Иранда ислам традицияларына чейин пайда болгон. Бүгүнкү күндө Ирактагы шиит молдолор жана шииттерди колдогон Ирандын көпчүлүгүндө санкцияланган.

Эксперттер шииттер муну тукум улап көбөйүү катары эмес, төшөк кумарын кандыруу катары карашат деп айтып беришкен. Мурдагы кылымдарда убактылуу нике негизинен эркектер зыяратка кеткен учурларда, жубайы жок узакка жүргөн соода кербендери токтогон жайларда, соода борборлорунда кыйылганы айтылат.

"Мутаа" бир сааттан 99 жылга чейин кыйыларын кошумчалашкан. Бул учурда эркек күндө аялынын жанында болууга милдеттүү эмес, андан сырткары, каалаган учурда никени бузуп коёру да айтылып келет. "Мутаага" сунниттер жашаган аймактарда тыюу салганы менен бир катар молдолор буга окшогон адатты "мисьяр" деп атап алышкан", — деп айтылат макалада.

"Мутаа" Русулга окшогон кыздардын тагдырына балта чаап, сексуалдык кулчулуктун кайырмагына илип, балдарга зомбулук көрсөтүүгө жол ачат. Ал эми Ирактын расмий бийлиги "мутааны" мыйзамдуу түрдө кабыл алган эмес.

Макалада Иракта никесиз (15-18деги кыздар менен) жыныстык катнашка барган эркектер жети жылга чейин, ал эми кыздын жашы 15тен да кичине болсо 10 жылга чейин кесилери айтылып келет.

"Сиз жарым саатка деле үйлөнө аласыз"...

Идиш аяк жууп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш талаасынан эгиз бала төрөдүм... Сириядан кайткан казак келиндин баяны
Шаардагы Кадхими (Багдаддын түштүгү) храмынын айланасында ондогон кеңселерде ислам мыйзамы же шарияттын негизинде нике кыйылат. Андан кийин аялы менен күйөөсү бир үй-бүлө экендигин тастыктаган расмий документ алат.

ВВС журналисти өзүнүн ким экендигин айтпай, ошол жердеги 10 молдодон "мутаа" жасап бере алар-албасын сураган. Алардын экөө жок десе, сегизи макул болуп, ал тургай кээ бирлери тогуз жашар кыз да таап бере аларын айткан.

Кадхимидеги нике кеңселеринде иштегендер кабарчыга өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу да айтып беришкен.

"Сиз жарым саатка деле үйлөнө аласыз, убакыт бүтөрү менен дароо башкасын тандасаңыз болот", — деген алардын бири Сайед Раад аттуу адам.

Ал тургай "эң мыкты" мейманкана да убадалап жиберген. Жан-алы калбай кыздардын сүрөтүн биринен сала бирин көрсөтүп, жашыраак колукту тапканга жардам кыларын айткан.

Бирок молдолордун арасында абийирдүү адамдар да кездешкен. Кардар кейпин кийген кабарчы Шариат шаарындагы Кербел мечитиндеги Эмад Алассади аттуу шейхтен "мутаага" кандай карай тургандыгын сураган. "Мутаага" шариятта жол берилсе да мен мындай никени эч качан кыйбас элем", — деген ал.

Молдо адам жогорудагыдай никеге себепкер болсо, жазасын алышы керек деген пикирин айткан.

"Убактылуу никени мага демектен имам кыйса дагы, анын орду түрмөдө болмок", — деген ал.

Кабарчы "мутаа" жасайм дегендердин чыныгы жүзүн билүү үчүн пресса өкүлү катары кайрылганда, андай нерселерди жасамак турсун, жактырбай тургандыктарын айтышып, сынга алышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0