Голливудда Путинди өзгөчө куттукташтыбы? Сүрөт, видео

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрямая линия с президентом РФ Владимиром Путиным
Прямая линия с президентом РФ Владимиром Путиным - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин 7-октябрь күнү 67 жашка чыкты. Маалымат кызматы өлкө башчы бул күндү үй-бүлөсү менен өткөрө турганын кабарлаган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Голливуддун асманында учактын ак түтүндөрү менен тартылган VVP67 хэштеги пайда болду. Сүрөттөрдү Лос-Анджелестин жашоочулары Instagram аккаунттарына чыгарышканын РИА Новости жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Preston Olivia James (@prestonoliviajames)

Интернет колдонуучулардын пикиринде, бул Россиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктоо болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от gilda (@gildacentral)

Аккаунттарды карай келгенде асмандан чын эле цифраларды жана тамгаларды көрүүгө болот. Ар кыл ракурстан тартылган сүрөттөрдү бир нече интернет колдонуучулар бөлүшкөн. Дагы бирөө тартып алган видеосун жайгаштырган. Анда анча чоң эмес учактын асманга сүрөттөрдү тартып жатканы түшүп калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Nathalie Migneault (@nathaliemigno)

Россия лидери Путин кечээ, 7-октябрда, 67 жашка чыкты. Анын маалымат катчысы президент туулган күнүн жакындарынын курчоосунда белгилей тургандыгын айткан. Анын алдында Енисей дарыясына барып, ага бийиктен көз чаптырып, жаратылыштын кооздугуна суктанган видеосу тараган.

Sputnik Кыргызстан Россия лидери туурасында маалыматтарды топтоп, окурмандарга сунуштаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0