Актриса Анастасия Заворотнюк. Архив

Анастасия Заворотнюкту ооруканадан жашыруун чыгарышты

4167
(жаңыланган 17:44 08.10.2019)
Заворотнюкту дүйшөмбү күнү чыгарышмак. Бирок ЖМКнын көңүлүн бурдурбоо максатында актриса эртерээк, тагыраагы, ишемби күнү үйүндө болгон.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Залалдуу шишик менен алпурушуп жаткан актриса Анастасия Заворотнюкту Москвадагы ооруканалардын биринен үйүнө чыгарышты. Бул тууралуу "Комсомольская правда" жазды.

Маалыматка караганда, актрисаны дүйшөмбү күнү чыгарышмак. Бирок ЖМКнын көңүлүн бурбайлы деп эртерээк, тагыраагы, ишемби күнү жиберишкен.

Гезиттин жеке булагы билдиргендей, актриса ооруканада ойдон чыгарылган ат менен дарыланып келген. Андыктан медициналык борбордун кызматкерлери телефон чалган журналисттерге эч кандай маалымат бере алган эмес.

Mash Telegram-каналынын билдиргенине караганда, Заворотнюктун абалы оор, бул тууралуу анын директору комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
4167
Белгилер:
рак, оорукана, Анастасия Заворотнюк
Тема боюнча
ЖМК: медиктер Анастасия Заворотнюкту дарылоону токтотту
Заворотнюктун директору актрисанын өлүмү тууралуу маалыматка жооп берди