Селфи кылам деген төрт киши сууга агып кетти. Индиядагы окуя

© AFP / STRДамда. Архив
Дамда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жубайлар туугандары менен плотинанын жээгинде эстеликке сүрөткө түшүүнү каалашкан. Бирок алардын бул ою каргаша менен аяктады.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Индиянын Тамиланд штатынын төрт тургуну дамбанын жээгинде селфи кылабыз деп жатып сууга агып каза болду. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазды.

Жаш жубайлар туугандары менен плотинанын жээгинде эстеликке сүрөткө түшүүнү каалашкан. Күйөөсү аялын туугандары менен сүрөткө тартып жатканда баары сууга түшүп кеткен. Мындайды күтпөгөн киши бир эле тууганын суудан алып чыгууга үлгүргөн.

Полиция кийин сууга түшүп кеткен төрт кишинин сөөгүн таап, тергөө амалдарын башташты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0