Эмчек бези өсүп кеткен кишиге дары саткан компания 8 млрд. доллар төлөмөр болду

© REUTERS / Mike Blake Johnson & Johnson компаниясынын офиси. Архив
 Johnson & Johnson компаниясынын офиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыны ичкенден бир топ убакыт өткөн соң баланын эмчек бездери кескин чоңоюп кеткен. Анын айтымына караганда, компания мындай болорун билгени менен рецепт жазып берген дарыгерлерге эскерткен эмес.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Филадельфиядагы сот арачылар Johnson & Johnson компаниясын Мэриленд аймагынын жашоочусуна сегиз миллиард долларлык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул туурасында Wall Street Journal журналы жазды.

Ал адам компанияга Risperdal деп аталган психотроптук препараттын оорулууга терс таасир тийгизип, тобокелдик жаратарын эскертпегени үчүн доо койгон.

Басылма доо менен кайрылган Николас Мюррей бала кезинде, тагыраагы, 2003-жылдан 2008-жылга чейин психикасында көйгөйлөр болгону үчүн Risperdal дарысын ичип жүргөнүн айткан. Бир нече убакыттан кийин баланын эмчек бездери кескин чоңоюп кеткен. Анын айтымына караганда, компания мындай болорун билген, бирок рецепт жазып берген дарыгерлерге эскерткен эмес.

Ирландский боец смешанных боевых искусств Конор МакГрегор - Sputnik Кыргызстан
Макгрегор кары кишиге кол көтөргөнү үчүн кесилип кетиши мүмкүн
2015-жылы сот арачылары бул иш боюнча биринчи чечимин чыгарып, компанияны 1,75 миллион доллар төлөтүүгө милдеттендирип, кийин 680 миң долларга азайткан. Доогер бул окуядан кийин кайрадан арызданып, жаңы чечимдин негизинде сегиз миллиард доллар ала турган болгон.

Компаниянын өкүлдөрү соттун бул чечимине макул эместигин жана негизсиз вердиктти жокко чыгаруу үчүн арызданышарын айтышты. Алар азыркы компенсация көлөмү мурдагы 680 миң доллар менен салыштырууга болбойт дешип, сумма өтө эле асмандап кеткендигин билдиришти. Өкүм күчүн жоготот деп ишенип тургандыктарын кошумчалашкан.

Аталган компания боюнча бир нече жыл мурда да ушундай соттук чечим чыккан. Миссури штатындагы Сент-Луис шаарынын сот арачылары Johnson & Johnson холдингин алардын продукциясын колдонуп рак менен ооруп калдым деген аялга 110 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0