Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архивдик сүрөт

АКШнын сенаторлору Түркиянын аткаминерлерине санкция киргизүүнү сунуштады

83
(жаңыланган 10:45 10.10.2019)
Мурдараак Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана Ислам мамлекети уюмуна каршы операция башталганын жар салган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. АКШ конгрессинин сенатынын мүчөлөрү президент Режеп Тайип Эрдоган башында турган бир топ Түркиянын жетекчилигинин активдерине санкция киргизип, жогорку кызматтагы аткаминерлерине визаны чектөөнү сунуштап жатат. Бул туурасында долбоордун документи сенатор Линдси Грэмдин Twitter баракчасына жарыяланды.

Сенаторлор Түркиянын энергетикалык секторуна каршы санкция киргизип, аскерий кызматташууга да тыюу салууну сунуштаган.

"Түркиянын президенти, вице-президенти, тышкы иштер министри, финансы министри, соода министри, энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин АКШдагы активдерине каршы санкция киргизүү зарыл", — деп жазылган документте.

Мурдараак Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана Ислам мамлекети уюмуна каршы операция башталганын жар салган.

Түркиянын Коргонуу министрлигинин маалыматы боюнча, операция учурунда күрддөргө каршы 181 сокку жасалган.

Мындай иш-чаралар башталганга чейин эле Вашингтон АКШнын куралдуу күчтөрү Түркиянын аскерий операциясына аралашпай турганын жана ал жайдан чыгып кетерин айткан. Кийинчерээк кайра Вашингтон АКШ Сириядан бардык аскерлерин чыгарбай турганын, аларды түндүк тарабынан которо турганын билдирген.

83
Белгилер:
операция, Санкциялар, Түркия, АКШ
Тема боюнча
Путиндин активдери, Немцовдун өлүмү... АКШнын Россияга камдаган санкциялары